Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Балдардын ЖМКсына арналган майрамда "Баластандын" иши абдан көп

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСъемка передачи "Спокойной ночи, малыши!". Архивное фото
Съемка передачи Спокойной ночи, малыши!. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат агымы өтө көп болгон убакта, балдар алардын терс таасиринен корголушу керек экенин телеканалдын редактору Кундуз Аманова белгиледи.

БИШКЕК, 1-март — Sputnik. 1-март жыл сайын Балдардын телеберүүсүнүн жана радиоуктурууларынын эл аралык күнү катары белгиленет. Аталган дата Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондунун демилгеси менен 1994-жылы Канн шаарында бекитилген. Кыргызстандагы алгачкы балдардын каналы "Баластан" кандай иштеп жатканын башкы редактор Кундуз Аманова Sputnik сайтынын кабарчысына айтып берди.

Бул күндү телеканалдын жамааты иш үстүндө өткөрөт. Тактап айтканда программаларды монтаждоо, үн коштоо, интервьюларды тартып, балдарга кызыктуу программа даярдоо менен өтөт дейт каналдын редактору.

"Биздин канал 2013-жылдын 1-октябрынан тарта эфирге чыккан. Учурда биздин берүүлөр күнүнө 18 сааттан эфирге чыгат", — деди Аманова.

Бул канал бекер социалдык пакетке кирет жана DVB-T2 форматындагы санариптик берүү аркылуу көрүүгө мүмкүн.

"Биз даярдаган программалар негизинен таанып билүүгө жана көңүл ачууга арналган. Телеберүүлөрдүн негизги максаты балдарды Ата Мекенди сүйүүгө үйрөтүү, билимин, ой-жүгүртүүсүн өстүрүп, тарбиялоо", — экенин редактор баса белгиледи.

Кундуз Аманова ошол эле учурда "Балдар FM" радиосунун продюсери болуп да иштейт. Аталган радио балдарга арналган уктурууларды ар жекшемби күнү саат 10:00дөн 18:00гө берет.

"Радио уктуруулар да кызыктуу даярдалат. Түрдүү викториналар, суроо-жооптор менен коштолот. Кыргызстанга белгилүү болгон инсандар келип, өзүнүн бала чагы тууралуу айтып берет", — деди ал.

Учурда маалымат агымы абдан көп болуп жаткандыктан балдар алардын терс таасиринен корголушу керектигинин ал баса белгиледи. Андыктар ата-энелер балдары кандай программаларды көрүп, эмнени угуп атканына өтө көңүл бурушу керектигин айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0