Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусов кызматынан алынды

Жазылуу
Коргоо кеңешинин катчысы кызматынан алынып, башка кызматка дайындалды.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. КР Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти. 

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бейшемби күнү аны ээлеген кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду. Ошондой эле, президенттин башка буйругу менен Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Буга чейин Атамбаев Жунусовдун талапкерлигин Борбор Азиялык аймактык маалымат координациялоо борборунун директорлугуна көрсөтүү чечимин кабыл алган. Бул уюм Борбор Азия мамлекеттеринин ошондой эле, Россия жана Азербайжан мамлекеттеринин баңгибизнесине каршы күрөшүү аракеттерин координациялайт. Анын катчылыгы Алматы шаарында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0