Президент согуш ардагери Кутманбетовго материалдык жардам көрсөттү

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхивное фото. Школьники запускают воздушные шары в память о Великой Отечественной войне
Архивное фото. Школьники запускают воздушные шары в память о Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кызыл Жылдыз" жана "Даңк" ордендеринин ээси 100 жашка чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анатай Кутманбетовго юбилейинде президенттик саат жана материалдык жардап тапшырылды.

Бишкек, 10-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов 100 жашка толгон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, "Кызыл Жылдыз" жана "Даңк" ордендеринин ээси Анатай Кутманбетовго материалдык жардам тапшырды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Илмиянов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анатай Кутманбетовго жолугуп, аксакалды 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, материалдык жардамдан сырткары президенттик саат тапшырды. Ал президент Атамбаевдин мааракеге байланыштуу куттуктоосун окуп, чың ден-соолук каалады. Кутманбетовдун каармандыгы жана көп жылдык эмгеги азыркы жана келечек жаштар үчүн Мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп саналаарын белгиледи. "Сиз басып өткөн өмүр жолуңуз бизге дем берет, жаратман эмгектин үлгүсү, Мекенди сүйүүгө жана элге ак кызмат кылууга үндөп турат. Президент ардагерлер жаратмандардын жана жеңүүчүлөрдүн мууну менен сыймыктанаарын ар дайым баса белгилеп келет", — деди Илмиянов.

Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо боюнча пландар туурасында айтып берди.

Кыргызстандын президенти Атамбаевдин атынан Кутманбетовго 100 миң сом жана президенттик саат тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0