КТТ: шаарды бюджетке киреше алып келүү менен кандайча тазаласа болот

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТаштанды полигону. Архив
Таштанды полигону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экология боюнча адис Мирбек Ильязовдун пикиринде, жергиликтүү бийлик таштандылар менен күрөштү КТТны бир жерден экинчи жерге ташып коюу деп түшүнөт. Таштандыларды башкаруудагы монополия натыйжалуулукту төмөн кылат жана альтернативдик ыкмаларды киргизүүгө тоскоол болот.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. "ЭКО аудит" ЖЧКнын адиси Мирбек Ильязов Sputnik агенттигине эмне үчүн Кыргызстанда таштандыларды башкаруу тармагына атаандаштыктын негиздерин киргизип, таштандыларды мыйзамдуу түрдө сорттоп жана кайра иштетүүнү колдош керектигин айтып берди. 

— Учурда КРде таштандыларды башкаруу абалын кандай баалайсыз?

— Катуу тиричилик таштандыларын (КТТ) башкаруу маселеси Кыргызстанда жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдары үчүн көп учурда таштандыларды калк отурукташкан жерлерден таштанды топтолуучу жайларга ташып барып коюу деп түшүнүлөт. Ал маселе болсо биринчи кезекте таштандыларды баштапкы жана экинчи жолу кыскартуу, аларды экинчи жолу пайдалануу жана кайра иштетүү катары каралышы керек. Пайда болушуна жол бербөө мүмкүн болбой калган таштандыларды коопсуз бир жакка алып чыгарып таштоо боюнча иш-чаралар акыркы кезекте жүргүзүлүшү керек.

Тиричилик таштандылар маселеси "туура" технологияны тандоо же, ал турсун, андай технологиялардын айкашын тандоо менен чечилбейт. Анын технологиялык аспекттеринен башка дагы экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук жактары да бар. Таштандыларды комплекстүү башкаруу биринчи кезекте аталган аспекттердин баары чогуу каралышы керек дегенди билдирет.

Коммуналдык таштандылар маселесин чечүү боюнча көпчүлүк программаларда кетирилчү ката болуп аны шаар администрациясынын профилдик кызматынын колуна толук жана эч көзөмөлсүз тапшырып коюу эсептелет. Муну менен күрөшүүгө туура келет.

Мында, биринчиден, таштандыларды жок кылуунун альтернативдүү жолдорун тандоого калк эле эмес, шаардын шайланма органдары да катыштырылбайт. 

Экинчиден, коммуналдык камсыздандыруу боюнча муниципалдык кызматтар таштандыларды башкарууга байланышкан бардык көйгөйлөрдү чечүүгө карата өзүлөрүнүн салтка айланган жеке үстөмдүгүн активдүү коргоп келишет. Бул тейлөөнүн натыйжалуулугу төмөн экендигин гана эмес, альтернативдүү жолдорду киргизип, өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жоктугун билдирет. Таштандыларды жоготуунун экономикалык аспекттери таштандылардын пайда болгону үчүн акча төлөөдөн турат.

— Эмне үчүн буга акча төлөш керек?

— Таштандыларды жоюунун кымбат баада болушу таштандыларды башкаруудагы кошумча таасир көрсөтүү жолун жаратат: мисалы, көп өлкөлөрдө калк менен мекемелер таштандыларды жоюуга карата акчаны өзүлөрү чыгаруучу таштандынын көлөмүнө жараша төлөшөт. Бул таштанды төгүлө турган жайга кетүүчү таштандыларды азайтууга жасаган аракеттерди абдан күчөтөт. Жана бул багытта бийликтегилердин милдети жөн эле ыргытып салгандын ордуна экинчи жолу пайдаланууга боло турган заттарды чогултууну уюштуруу болуп эсептелет. Калк жөн эле таштанды ыргытканга акча төлөгөндөн көрө, кайра пайдаланууга жарактуу нерселерди чогултуп жана алдын ала сорттоого көбүрөөк кызыкмак. Бирок таштандыларды кайра иштетүү акысы өтө жогору болсо, таштандылар ыргытылган мыйзамсыз жайларга байланышкан маселелерди жаратышы мүмкүн. 

— Таштандыны азайтканга кантип үйрөнсө болот?

— Таштандыларды азайтууну алгачкы баскычында калдыктардын жалпы санын кыскартуу гана эмес, алардын зыяндуулугун кыскартуу катары түшүнүү керек. Мында өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдү таштандыларды кайра иштетүүгө багыттоо жардам болот. Өндүрүштө айлана-чөйрөгө эң аз зыян келтирүүчү чийки заттар менен технологияларды пайдаланып, товар чыгарууга түрткү бере турган колдоо жана жазалоо ыкмалары бар. Ал эми керектөөчүлөр үчүн эң таасирдүү ыкма – бул баа саясаты. 

Коммуналдык-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү (ресайклинг), анын ичинде компостоо — бул комплекстүү системанын экинчи деңгээли. Ресайклинг таштанды жайларында орунду гана үнөмдөбөстөн, уулуу таштандылар менен күйбөй турган материалдарды жалпы агымдан арылтуу менен таштандылардын зыянсыздандыруунун жакшыртат.

Кийнки баскыч уулуу, радио активдүү жана пайдаланылбаган таштандыларды атайын жайларда көмүп жок кылуу эсептелет. Бул азыр да кайра иштетилбей турган таштандыларды башкаруунун негизги жана зарыл баскычы болуп эсептелет. Экологиялык талаптарга жооп берүүчү заманбап санитардык полигондор татаал инженердик курулуш болуп эсептелет. Алар таштанды чириген учурда пайда боло турган метан, күкүрт суу теги, аммиак сыяктуу зыяндуу заттардан суунун, топурактын жана абанын булганышына каршы күрөшөт. 

— Таштандыларды жыйноо системасын менчиктештирүү керекпи?

— Таштандыларды кайра иштетүүдөн акча тапса болот. Бул биринчи кезекте таштандылардын арылгысы келгендерди акча төлөтүү, ошондой эле таштандылардан кайра пайдаланууга боло турган заттарды алуу жолу менен жасалат. Шаар жетекчилери конкреттүү жердин шартына жараша таштандыларды жыйнап жана кайра иштетүү боюнча ишти жарым-жартылай же толугу менен жеке ишкерлерге өткөрүп берүү боюнча негиздүү чечимдерди кабыл алууга даяр болушу керек.

Коммуналдык таштандыларды башкаруу системасын менчиктештирүүдө карап чыгуу талап кылынуучу көп факторлор бар. Таштандыларды чогултуп кайра иштетүү боюнча муниципалдык кызматтар негизи курамына салык менен киреше киргизилбеген төмөн бааны калкка сунуштаса болот борборлоштурулган система операцияларды стандартташтырып, жаңы ыкмалар менен технологияда өтүүдө зарыл ийкемдүүлүктү камсыз кыла алат. Ошол эле учурда муниципалдык менчикте турган ишканалар адатта атаандаштыктын жоктугунан аз натыйжалуу иштешет. Муниципалдык ишканалар каражаты дайыма тартыш шаардык бюджеттин эсебинен иштетилгендиктен, маселе эң арзан, бирок эң натыйжасыз жол менен чечилет. Буга айкын мисал — шаарлар менен "шаар менчигинде" турган таштандылар чогултулуучу жайлар. Жеке ишканаларды шаар бюджетинен каржылоо талап кылынбайт, жана аларды бардык экологиялык ченемдерди өз каражатынын эсебинен аткарууга мажбур кылса болот.

— Менчиктештирүүнүн артыкчылыгы эмнеде?

— Атаандаштык жеке ишканалардын натыйжалуу, анан калса, шаар администрациясындагы кадрлык өзгөрүүлөрдөн көз карандысыз иштөөсүнө түрткү болот. Ошол эле учурда калк үчүн таштандыларды кайра иштетүүнүн баасы көтөрүлө турганын эске алуу керек. Себеби компания салык төлөө үчүн бул иштен киреше алууга аракет кылат. Анын үстүнө коомдук уюмдар менен калк үчүн жеке ишкана менен иш иштешүү муниципалдык компанияларга караган көйгөйлүү болчудай көрүнүшү мүмкүн. 

Кыргызстан үчүн эң маанилүү болуп таштандыларды кайра иштетүүнү өнүктүрүү эсептелет. Мунун алдында таштандыларды өз алдынча топтоо жана сорттоо системасын киргизүү боюнча татаал иш аткарылышы керек.

Таштандылар маселеси боюнча белгилүү серепчи Пол Коннеттин: "Таштанды — бул зат эмес, ар түрдүү пайдалуу нерселер менен буюмдарды аралаштыруу аркылуу, алардын таштандылар жайында ордун аныктоо чеберчилиги. Түрдүү пайдалуу нерселерди пайдасыздар менен, уулууларын коркунучсуздар менен, күйүүчүлөрүн күйбөй турганы менен аралаштырып жатып, алынган аралашма пайдасыз, уулуу жана начар күйө турганына таңкалбашыбыз керек. Тиричилик таштандысы деп аталуучу бул аралашма таштанды өрттөгүчкө түшкөндө адамдар менен айлана-чөйрөгө таштандыга же таштандыны кайра иштетүүчү жайга түшкөндөй эле коркунуч жаратат" деген сөздөрү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0