Тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору

© Sputnik / Юрий Куйдин / Медиабанкка өтүүТянь-Шань. архив.
Тянь-Шань. архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы автожолдордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. 8-февралдан 10-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кар көчкүсү жана кар күрткүсүнүн түшүү ыктымалдуулугу Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жогору. 

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарылдыгын аталган министрлик эскертет. Себеби, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Жаңылыктар түрмөгү
0