Адис: Терентьевдин үйүн калыбына келтирүү керек

Жазылуу
Терентьевдин үйүн калыбына келтирүүгө 150 миң доллар талап кылынат.

БИШКЕК, 6-фев — Sputnik. "Илья Терентьевдин үйүн тарыхый эстелик кылып сактап калуу керек", — деген пикирин "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө институтунун директору Жумамедел Иманкулов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, 19-кылымда салынган имаратты калыбына келтирсе болот, анткени имараттын негизги элементтери сакталып калган.

"Чатыры түшүп калганы өтө деле коркунучтуу эмес, себеби ал совет доорунда шыйпыр менен жабылган. Терентьевдин маалында мындай үйлөрдүн чатырлары негизинен темир менен жабылган. Экинчи кабаты да салыштырмалуу жакшы сакталган", — деди ал.

Иманкулов ошондой эле, экинчи кабаттын террасасы да өтө уникалдуу экенин белгиледи. Адистерди Терентьевдин үйүнүн терезесинин аркалары жана кыштарынын коюлушу кызыктырат. Калыбына келтирүүгө кете турчу чыгымдардын болжолдуу эсеби да чыгарылган.

"Орто эсеп менен алганда 150 миң доллар кетиши мүмкүн. Бирок, Маданият министрлигинде мындай каражат жок", — деди ал.

Адистин айтымында, тарыхый имаратты демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын жардамы менен калыбына келтирүү керек.

Илья Федотович Терентьев Пишпек шаарынын тарыхындагы алгачкы башчысы болгон. 1848-жылы Ижевсктик курал-жарак жасаган үй-бүлөдө төрөлгөн. 1985-жылы Терентьев шаардык башкаруунун башчылыгына шайланган. 

Анын убагында шаардын көчөлөрүн түздөө иштери башталып, Каражыгач токоюнун, Эмен багы паркынын жана учурдагы Эркиндик бульварынын пайдубалы түптөлгөн. Терентьев биринчилерден болуп Пишпек шаарында өндүрүштүк негизде сыра кайнатууну баштаган. Сыра Борбор Азияда да белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0