"Өлбөс-өчпөс полк" акциясы Бишкекте башталды

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек"Өлбөс-өчпөс полк" акциясы Бишкекте башталды
Өлбөс-өчпөс полк акциясы Бишкекте башталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акциянын алкагында Кыргызстандын мектептеринде Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлердин жасаган эрдиктери жөнүндө документалдык материалдарды үйрөнүүгө багытталган иш-чаралар өтөт.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши "Өлбөс-өчпөс полк" акциясын өткөрүү үчүн уюштуруу комитетин түзгөнүн шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Уюштуруу комитети шаардык окуучулар менен биргеликте, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жөнүндө маалымат жана сүрөт топтоо иштерин баштады.

"Акциянын алкагында Кыргызстандын мектептеринде Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлердин жасаган эрдиктери жөнүндө документалдык материалдарды үйрөнүүгө багытталган иш-чаралар өтөт", — деп билдирди Бишкек шаардык кеңеш.

Жеңиш эстафетасы ЕАЭБнын түштүк-чыгыш алдыңкы постуна келет
Шаардык кеңеш экинчи жолу бул акциянын уюштуруучусу катары чыгууда. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата акцияга катышкандардын санын көбөйтүү пландалууда.

"Өлбөс-өчпөс полк" акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн. 2013-жылы Россияда, Казакстандын жана Украинада белгиленген Жеңиш майрамында согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн 200 миңге жакын киши көтөрүп, параддан өткөн. Былтыртан тарта бул акцияга Израиль, Кыргызстан жана Беларусь мамлекеттери да катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0