Ошто таштандыны иштетүүчү заводду кореялык компания курууга ниетенүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Табличка "Свалка мусора запрещена"
Архив: Табличка Свалка мусора запрещена - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында Түштүк кореялык компания күнүнө 100 тонна таштанды иштетип чыга турган кубаттуулуктагы заводду курууга 35 млн. доллар салууга ниеттенип жатат.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Ош шаарында таштандыларды иштетүүчү заводдун курулушу боюнча аталган калаанын мэриясы менен LSIS Co. Ltd деп аталган Түштүк Кореялык компания протоколго кол коюшту, деп мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Архив: Ош шаары - Sputnik Кыргызстан
Өткөн жылы Ош шаарына 2,5 эсе көп инвестиция тартылган
Мэрия таштанды жайдагы таштандыларды жок кылып, кайра иштетүү менен шаардын экологиялык абалын жакшыртууга максатын коюп жатат. 

Түштүк Кореялык компания эки тараптык кол коюлган протоколдун алкагында, аталган заводду курууга 35 млн. доллар салууну пландоодо.

Курулуш 10 гектарга жакын аянтка түшүп, анын ичинен 6 гектар күнөсканага бөлүнүп берилет. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, завод күнүнө 100 тонна таштандыны кайра иштетип чыгарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0