Серепчи: борбордун таштандыларды чыгаруу системасы чоң өзгөртүүлөрдү талап кылат

© Sputnik / Михаил РогожинАрхив: Бишкек шаарында катуу турмуш-тиричилик таштандыларын башкаруу системасын жакшыртуу
Архив: Бишкек шаарында катуу турмуш-тиричилик таштандыларын башкаруу системасын жакшыртуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Экошаар" компаниясынын экология жана катуу турмуш-тиричилик таштандыларын (КТТ) башкаруу боюнча кеңешчиси Павел Видищевдин пикиринде таштандылар менен күрөшүүнүн азыркы жолдорунун эскилиги жетти. КТТларды жыйноо жана утилизациялоо ыкмаларын өзгөртүү зарыл, себеби "душман" өзү кубулду.

БИШКЕК, 3-фев — Sputnik. Кыргызстандын борборунун мэриясы Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен "Бишкек шаарында катуу турмуш-тиричилик таштандыларын башкаруу системасын жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууга кол койду. Долбоор муниципалитеттин турмуш-тиричилик калдыктары менен күрөшүү системасын толук реформалашы керек. Бишкекте катуу турмуш-тиричилик таштандыларын башкаруу процесси, кайра иштетүү үчүн КТТларды сорттоо жана кайра иштетүүгө жараксыз таштандыларды көмүп жок кылуу иштери жакшыртылып, ошондой эле шаардын таштандылар төгүлчү эски жайы рекультивацияланып, жаңысы уюштурулат деп күтүлүүдө.

"Экошаар" компаниясынын экология жана КТТларды башкаруу боюнча кеңешчиси Павел Видищев Sputnik кабарчысы менен болгон маегинде ЕРӨБдүн демилгелерин пайдаланууга киргизүү боюнча ой бөлүштү.

— Павел, кандай дейсиз, бизге бул долбоор керекпи?

— Албетте, керек. Бирок ал бул чырмалышкан иштин кайсы бир гана, башкача айтканда, таштандылар жаралгандан аны көмгөнгө чейинки гана бөлүгүнө багытталган. Ал эми чындыгында бүтүндөй системаны түп-тамырынан бери алмаштыруу керек. Учурда Кыргызстанда катуу турмуш-тиричилик калдыктарын башкаруунун өткөн жылдын 80-жылдарында иштелип чыккан ыкмасы колдонулат. Азыркы замандын болсо талаптары башка, алар таштандыларды чогултуп, утилизциялоо маселелерин чечүүгө башкача көз караштарды талап кылат. Калдыктардын курамы да өзгөрдү, ар бир адам чыгарып жаткан таштандынын көлөмү да бир топ өстү. Биздин муниципалдык коммуналдык кызматтардын бул өзгөрүүлөргө алы жетпей жатат.

— Бул тармакта жагдай жакшыраак болушу үчүн "Тазалык" МИ кызматкерлери дагы эмнелерге жетишпей жатат?

— Мына силер билесиңер, жай мезгилинде санитардык эрежелер боюнча таштанды салган кутулар менен аянттарды хлор менен айына эки жолу жууп, тазалап туруш керек. Бизде бул жылына да бир жолу жасалбайт. Мен өзүн санитардык-экологиялык инспекцияда иштегем, ошон үчүн эмне кандай жасаларын, башкача айтканда, жасалбай жатканын жакшы билем.

— Коммуналчылар натыйжалуу иштеши үчүн эмне зарыл?

— Мисалы, калдыктардын ченеми кайра эсептелиши керек. Таштандылар көбөйүп жатканына карабастан, анын ченеми бир да жолу кайра эсептелген эмес. Ошол себептен таштанды салынчу кутулар да райондордо керектүү сандан бир топ аз коюлат, таштандылар тез-тез чыгарылбайт жана, акы төлөм да ошол ченемге жараша чегерилет да. Айтайын дегеним, таштандыларды жыйнап алып чыгуу үчүн акча да керектүү көлөмдө жыйналбайт 

— Сиздин көз карашыңызда, Бишкектин "таштандылуу көчөлөрүнүн" башкы себеби болгон маселе кайсы?

— Бул системалык маселе, башкача айтканда мэрия бир жагынан тапшыруучу да, экинчи жагынан "Тазылык" аркылуу аткаруучу да болушу көйгөйлүү жагдай болуп эсептелет. Өзүңөр түшүнгөндөй, өзүн өзү толук жана катуу көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Муниципалитет көзөмөл гана жүргүзүшү керек, ал эми анын тапшырыгын аткаруу башка түзүмдөрдүн милдети. Санитардык тазалоо жана КТТларды алып чыгуу кызматтары атаандаштык чекте болушу керек, аткаруучу — монополисттен баш тарткан туура. Алсак, коңшулаш Алматыда КТТларды тазалоо тармагында жүзгө жакын жеке ишкана иштейт. Алардын 70и таштандыларды чыгарат, ал эми 30у таштандыларды кайра иштетет. Алматынын мэриясы жер бөлүктөрүн тендерге коюп, анын шарттарынын сакталышын экологиялык полиция аркылуу көзөмөлдөп турат. Мисалы, таштандыларды элдер өзүлөрү сорттошу боюнча тартипке Германия кантип жетишкенин билесизби? Аларда абдан чоң айып салынат, жана "таштанды полициясы" аябай көп айып акча алгандыктан, полициянын башка бөлүктөрүн да карылап турат. Бизде айып акысы да төмөн, аны төлөтүү системасы да аксак.

— КРде тапшыруучу менен аткаруучунун өз ара ийгиликтүү иштешкендигине мисалдар барбы?

— Буга Канттын коммуналдык чара комбинаты мыкты мисал болот. Жана Кант борбор караганда, абдан таза шаар. Баса, Хайдарканда да аябай таза. Ал жерде "Коммуналчы" ААК таштандыларды чыгарып, аянттарды тазалоого жеке тараптарды жалдайт. 

Азыр кырдаал акырындап оңолуп келе жатат. Бирок борбор шаар атаандаштык чөйрөнү кенен түзүшү керек, ошондо гана биздин шаар таза болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0