Атамбаев министр менен өлкөдөгү кызылча оорусунун абалын талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Саламаттыкты сактоо министрин кабыл алып, өлкөдөгү кызылча оорусу жана аталган тармактагы маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына министрлик тарабынан кызылча оорусунун алдын алуу жана дарылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев министр Талантбек Батыралиев менен өлкөдө мамлекеттик-жекече өнөктөштүк негизде жаңы медициналык мекемелерди куруу маселелерин талкуулады.

Мамлекет башчысы саламаттык сактоо тармагын реформалоонун жана бөлүнгөн финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануунун, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын деңгээли калктын талабын канааттандырууга тийиш экендигин баса белгиледи. "Жарандардын саламаттыгын сактоо — мамлекеттин негизги милдеттеринин бири", — деди Алмазбек Атамбаев.

Учурда өлкөдө кызылча оорусу көп кездешип, Саламаттыкты сактоо министрлиги анын алдын алуу чараларын коомчулукка сунуштоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0