Азиздер үчүн кыргыз тили китеби чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековШрифт Брайля - буквы на кончиках пальцев
Шрифт Брайля - буквы на кончиках пальцев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн 1-11-класстардын базасында кыргыз тили китебин чыгаруу үчүн президенттин Билим берүү фондунан жарым миллиондон ашык каражат бөлүндү.

Архив: жаңы конуш - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте азиздер менен кулагы укпагандарга батирлерди белек кылышты
БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларындагы көрүүсү начар жана азиз балдардын атайын жалпы билим берүү мектептери үчүн Брайль шрифтинин жана жалпак ири шрифттин базасында 1-11-класстарга кыргыз тили окуу китебин чыгаруу үчүн президенттин Билим берүү фондунан сегиз жүз миң сом бөлүндү. Тийиштүү буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек жана Ош шаарларында көрүүсү начар жана азиз балдардын мектептери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0