Ош: улуттар арасында ынтымакты бекемдөөгө чакырган окуу башталды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Ош шаары
Архив: Ош шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Суунун бир катар айыл өкмөттөрүндө элдин ынтымагын бекемдөө максатында айыл өкмөттөрү, имамдар, жарандык жана коомдун активисттер катышкан окуу жүрүп жатат.

БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. "Кыргызстанда этникалар арасында тынчтык орнотуу максатында көп секторлуу иш алып баруу" долбоорунун алкагында Ош облусунда этникалар арасында тынчтык орнотуу окуусу башталды. Ал Кара-Суу районундагы бир нече айыл өкмөттөрүнүн имамдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, жарандык коомдун активисттери үчүн өткөрүлмөкчү. 

"Иш-чаранын максаты – ар кыл улуттардын ортосунда тынчтыкты орнотуп, ынтымакты бекемдөө. Азыр Шарк жана Курманжан Датка жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарында өтүп жатат. Айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештин депутаттары биргелешип канткенде эл арасында ынтымакты жакшыртабыз деген темада окутуу болуп жатат. Жакшы нерселерге канткенде жетишебиз, эл мамлекет алдындагы укуктары менен милдеттерин канткенде так биле алышат, ислам дининде кантип тынчтыкты орнотсок болот, имамдардын тынчтыкты орнотуудагы ролдору туурасында болуп жатат", — деди "Мутакаллим" Аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы.

Окутууга диний лидерлер, Аксакал соту жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү, Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү катышууда.

Аталган окутуу 2-февралга чейин өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0