Азербайжан ӨКМи кыргызстандык куткаруучуларга өрт өчүрүүчү 5 автоунаа берди

Жазылуу
Эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин техникалык кызматташуусунун алкагында КР куткаруучулары өрт өчүрүүчү 5 автоунааны белек катары алышты.

БИШКЕК, 24-янв — Sputnik. Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлиги Кыргызстанга өрт өчүрүүчү беш автоунаа берди. Бул туурасында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Автоунаалар эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандык коргонуу, чукул кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюудагы кызматташуу боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында тапшырылды. 
Документке 2012-жылдын 30-мартында кол коюлган. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине АЦ-40 (130) 63Б үлгүсүндөгү беш автоунаа тапшырылды. 
Аталган келишимдин негизинде, өрт өчүрүүчү дагы беш автоунаа жөнөтүү каралууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0