КРде жаш курагы жете электерге жана аялдарга мунапыс жарыялоо сунушталууда

© Sputnik / Олег Пашук / Медиабанкка өтүүАрхив: абак
Архив: абак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРде жаш курагы жете электерге жана аялдарга мунапыс жарыялоо сунушталууда. Мындай демилгени парламеттин депутаттары көтөрүп чыгышты.

БИШКЕК, 24-янв — Sputnik. Жаш курагы жете электерге жана аялдарга мунапыс жарыялоону Кыргызстандын парламентинде демилгелеп жатышат.

Мунапыс жарыялоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Ширин Айтматова, Дастан Бекешев, Курманбек Осмонов, Наталья Никитенко жана Жоомарт Сапарбаев алып чыгышты.

Депутаттар белгилегендей, мунапыс жарыялоо социалдык жактан негиздүү акция болуп эсептелет, жана анын алкагында "коомдо социалдык чыңалууну төмөндөтүп, укук коргоо жана сот органдарына болгон ишенимди көтөрүү каралган".

Мыйзам долбоорунда биринчи жолу кылмышка барган жана ден соолугу жагынан чектелген баласы же бир же андан көп жаш баласы бар аялдарга, үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болуп эсептелген, ошондой эле көп балалуу аялдарга мунапыс жарыялоо каралган.

"Мунапыс жарыялап, аны ишке ашырууда коомдун кызыкчылыктарын тең салмактатуу талаптары, айыпталуучунун жана жазага тартылгандын инсандык касиеттери, алар жасаган кылмыштын оордугу, ошондой эле жабыр татуучу менен кылмышкердин акыйкаттыкка жана калыс сотко болгон укуктары эске алынышы керек", — деп эсептешет Жогорку Кеңеште.

Ошону менен бирге коом үчүн коркунучтуулугу жазаны жеңилдетүүгө жол бербей турган жазакерлерге жана кылмыштын конкреттүү түрлөрүнө карата амнистия колдонулбашы керек. Мындайларга киши өлтүрүүчүлүк, адамдарды сатуу, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери, кишинин өлүмүнө алып келген кол салуу, ошондой эле террористтик акт, бандитизм, кылмыштуу топту уюштуруу кирет.

Мындан сырткары, мурда да кылмышы кечирилип же мунапыска туш болуп эркиндикке чыккан жана кайра атайлап кылмыш жасагандарды, бөтөнчө коркунучтуу кылмышкер-рецидивисттерди да бошотууга тыюу салынышы керек.

"Айрым учурда амнистиялоо кылмыштын өсүшүнө алып келет. Алсак, мунапыс берилип бошотулган эркектер жасоочу уурдап-тоноо, кол салуу, киши өлтүрүү, ошондой эле жашы жете электер менен аялдарга карата сексуалдык кылмыштар коомду өтө тынчсыздандырат. Алардын кайра кылмышка баруусунун негизги себеби болуп ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнүн, турак-жайынын, турмуш-тиричилик шарттарынын жоктугунан социалдык туруктуу абалга ээ эместиги эсептелет", — деп айтылат мыйзам долбооруна негиздеме берүүчү аныктамада.

Документте адам өмүрүнө же ден соолугуна кайтарылгыс оор зыян келтирбеген зомбулуксуз мүнөздөгү же кокусунан жасалган кылмышы үчүн жоопко тартылгандарды мунапыс каралган.

Эл өкүлдөрү биринчи жолу кылмышка барган жана ал үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратылган адамдарга мунапыс берүү зарыл деп эсептешет.

Акыркы жолу амнистия 2014-жылы жарыяланган. Анда өлкөнүн президенти парламент тарабынан кабыл алынган "Адам укуктарынын жалпы деклорациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамга кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0