Адилет министрлиги интернет - басылмаларды ЖМКга теңөө демилгесин түшүндүрдү

Жазылуу
Өкмөт интернет-басылмаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына теңдештирмекчи. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга алынып чыкты.

БИШКЕК, 23 янв — Sputnik. Кыргызстандын Адилет министрлиги эмне үчүн интернет-басылмаларды жалпыга маалымдоо каражаттарына теңөө демилгеси көтөрүлүп жатканын түшүндүрдү.

"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга ЖМКга гезиттер, журналдар, алардын тиркемелери, альманахтар, китептер, бюллетендер, коомдук жайылтууга арналган бир жолку басылмалар, ошондой эле мамлекеттик органдар, маалымат агенттиктери, саясий, коомдук жана башка уюмдар, жеке адамдар чыгаруучу теле- жана радио берүүлөр, кино- жана видео-студиялары, аудио-көрсөтмөлүү жазуулар кирет.

Адилет министрлигинде муну "Президентти жана Жогорку Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдарда шайлоо алдындагы үгүт иштери ЖМК аркылуу да ишке ашырылышы мүмкүн деп каралгандыгы менен түшүндүрөт. Шайлоого даярдык жана аны өткөрүү аракеттерин маалыматтык чагылдырууну Борбордук шайлоо комитети тарабынан аккредитацияланган ЖМКлар да жүргүзөт.

"Бирок иш жүзүндө Интернет маалыматтык телебайланыш түйүндөрү аркылуу үгүт жүргүзүүгө жана маалымат сайттарын шайлоо алдындагы иш-аракеттерге катышууга аккредитациялоого байланышкан, мыйзам деңгээлинде чечилбеген көйгөй бар. Себеби мыйзамдын учурда пайдалануудагы редакциясына ылайык, Интернет маалыматтык телебайланыш түйүндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарына кирбейт. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда Интернет маалыматтык-телебайланыш түйүнүндөгү сайттарды жалпыга маалымдоо каражаты катары каттоого алуу сунушталат", — деп белгилешти ведомстводон.

Ошону менен бирге Адилет министрлиги интернет-басылма деп бардык эле сайт эсептеле бербей турганын баса белгилейт. Интернет-сайт ээлеринен бекитилген тартиптеги тийиштүү арыз келип түшкөндө гана ал жалпыга маалымдоо каражаттары деп катталышы мүмкүн. Ыйгарымдуу мамлекеттик органда каттоого турбаган жаңылык (маалымат) сайттары укуктук жактан жалпыга маалымдоо каражаттарына кирбейт.

Тескерисинче, жалпыга маалымдоо каражаты деп катталган сайт маалымат берүү каражаттарына ыйгарылган бардык укуктарды пайдалана алат. Ага иш-чараларга аккредитация алуу, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча органдарынан маалымат алуу укуктары кирет. Ошону менен бирге алар мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтерди да өз мойнуна алат.

Андан тышкары, эгер мыйзам кабыл алына турган болсо, жарандардын айрым категорияларына жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоого тыюу салынат. Алардын катарына чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кызматкерлеринин 50 пайызы чет элдик жарандардан турган редакциялык жамааттар кирет. Ошондой эле мыйзам долбоорунун демилгечилери ЖМК жөнүндө мыйзамды сактабагандык үчүн жазалоо чараларын күчөтүүнү сунуштап жатат. Жеке адамдар үчүн айып акысы 5 миң сомду, юридикалык тараптар үчүн 10 миң сомду түзмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0