Мирлан Жакыпов: Кара-Кече көмүр кени криминалдык элементтерден тазаланды

Жазылуу
Кара-Кече кениндеги криминалдык элементтер коомдук бирикмелердин жана милициянын кызматы менен тазаланган.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. "Кара-Кече көмүр кени дайыма көйгөйлүү болуп келгенин барыбыз билебиз. Жыл сайын криминалдык инциденттер – атышуу, бычакташуу өңдүү чатактары көп болуп, анын кесепетинен адамдар өлгөн учурлар болгон. Учурда биз ал жакта тартипти орното алдык". Мындай пикирин "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Мирлан Жакыпов маалымат жыйында билдирди.

"Биз кендеги укуктук тартипти жана көмүрдү чыгаруу тартибин бекемдей алдык. Албетте мунун баарын орнотууда убакыт жана күч кетти. Бул иште бизге коомдук бирикмелер жана ИИМ абдан жардам берди", — деди Жакыпов.

Көмүрдүн уурдалышы боюнча жазылган арыздарга ички иштер органдары маалында чара көрүп, тартип бузгандарды кармап жатканын кошумчалады. 

Ишканасынын техникалык директору Валерий Бобров кенде укуктук тартип орногондон кийин өндүрүштүн көлөмү да жогорулаганын айтат. 

"2014-жылы Кара-Кече кенинен 138 миллион сомдук 125 миң тонна көмүр казылган. Быйыл көмүр кенде кошумча дагы төрт жерде казуу башталса, алынган продукциянын көлөмүн 330 миң тоннага чейин жеткирүү пландалууда", — деди Бобров.

"Кыргызкөмүр" ишканасынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Аширалиев ишкананын 2014-жылдын башында 116 миллион сомдук кредиттик карызы болсо, жыл аягында ал 84 миллион сомго азайганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0