Бишкекте "Мен пайгамбарымды сүйөм" деген акция өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте "Биз пайгамбарыбызды сүйөбүз" деген акция өттү
Бишкекте Биз пайгамбарыбызды сүйөбүз деген акция өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин борборундагы парктын бирине чогулган ислам динин кармаган кыргызстандыктар Францияда чыккан Шарли Эбдо журналынын Мухамед пайгамбардын карикатураларын тарткандыгына нааразычылык билдиришти.

БИШКЕК, 20-янв — Sputnik. Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта 300гө жакын жарандар "Мен пайгамбарымды сүйөм" деп аталган акцияга чыгып, Шарли Эбдо журналына жарыяланган карикатураларга каршы пикирин билдирди. Ага ЖК депутаттары, КРдеги бир катар улуттардын ассоциациялардын өкүлдөрү, ислам динин тутунган КР жарандары катышты. 

Акцияны уюштуруучулардын бири Улукбек Карыбек уулу бул бир нече күн мурда жаштар тарабынан демилге көтөрүлүп, ал социалдык тармактар аркылуу тарап, акцияга катышууну каалагандар бүгүн аталган аянтка чогулгандыгын айтты. 

"Пайгамбарыбызды жамандоо максатында жанагыдай (карикатура – ред.) иш-чаралардын уюштурулушу динге көө сыйпап жатат. Андыктан, социалдык тармактарда жаштар, демилгечилер чогулуп, бул акцияны пландадык. Кыргызстандын мусулмандары мындай иштерге каршы, тескери көз карашта экендигибизди көрсөткүбүз келди. Ал эми бүгүн чогулгандар акция туурасында маалыматты угуп, өздөрү келишти", — деди Улукбек Карыбек уулу.

Аталган акцияга келген ЖК депутаты Ыргал Кадыралиева чагымчыларга алдырбоо зарылдыгын белгилеп, иш-чараны өткөргөндөргө ыраазчылыгын билдирди.

"Урматтуу момун мусулмандар бүгүн дилибизди, Мухаммед пайгамбарыбызды коргойбуз деп турганыбыз абдан жакшы. Бүгүнкү күндүн анча-мынча чагымчылдарына, туура эмес жүргөндөрүнө алынбашыбыз керек. Ынтымак, биримдик менен бүгүнкү иш-чараны өткөрүп жаткандарыңыздар жакшы көрүнүш. Дилиме, ишенимиме байланып, бүгүн бул жерге келбей коё алган жокмун", — деди ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева. 

Ал эми акцияда чыгып сөз сүйлөгөн Сафия Медетбекова, Кыргызстанга жакында ислам динин толук үйрөнүү максатында Алматыдан келгендигин, ал эми элдин алдында нааразычылыгын билдириш үчүн чыккандыгын билдирди.

"Пайгамбарыбыз Исламды жеткириш үчүн эмне деген кыйынчылыктарга кабылбаган. Мен азыр элдин алдында сүйлөп жаткан кезде ал кишинин тарткан кыйынчылыктарын эстеп жүрөгүм эзилип кеткендиктен, ыйлап жибердим. Кыргызстанга жакында ислам динин толук үйрөнөйүн деп Казакстандан келгениме бир айга жакын болду. Азыркы өтүп жаткан акцияда чыгып сүйлөгөн максатым — жеке салымымды кошуп, пикиримди билдирейин дегеним", — деп айтты Сафия Медетбекова.

Кыргызстандагы Тажиктер ассоциациясынын президенти Равшанбек Сабиров дүйнөдө 1,5 миллиарддан ашуун Ханафи мазхабындагы пайгамбарды тааныган мусулмандар бардыгын айтып, мындай акция өткөрүү парз деген пикирин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0