КРде салык төлөчүлөр декларация тапшыра баштады

© Фото / пресс-служба ГНСРабота ГНС в Бишкеке
Работа ГНС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киреше тууралуу маалыматтарды өз убагында тапшырбагандык үчүн салык төлөчүлөргө административдик айып салынат. Анын көлөмү жеке адамдар үчүн 2 миң сомду жана юридикалык тараптар үчүн 5 миң сомду түзөт.

БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Кыргызстанда кезектеги декларация тапшыруу иш-чарасы башталып, ал эки баскычта өтөт деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) маалымат бөлүмүнөн.

Юридикалык тараптар тийиштүү органдарга өз маалыматтарын 1-мартка чейин, ал эми жеке адамдар 1-апрелге чейин бериши керек.

"Баары 2014-жылы алган кирешелери боюнча салык органдарына билдирип, же экономикалык иш-аракети, мүлкүнүн жана жер үлүшүнүн бар экени тууралуу башка маалыматтарды бериши керек", — деп билдирет салык кызматы.

Ошентип, үстүдөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларациясы (БСД) ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, өлкөнүн аймагында туруктуу мекеме түзүү менен иш-аракет жүргүзүүчү чет элдик фирмалар да тапшыруулары керек.

1-апрелге чейин болсо БСДны мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде салыкты патенттик негизде төлөчүлөр, салык салынуучу мүлкү (автоунаасы) жана кыймылсыз мүлкү (тура-жайы) жана жер үлүшү (үй тегерегиндеги аянттан сырткары) бар жеке адамдар, юридикалык тарапты түзүүсүз иш жүргүзүүчү дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

"Салык декларациясын кагаз жүзүндө да, электрондук түрдө да орус же кыргыз тилинде тапшырса болот. БСДны салык органдарында толтуруп, ошондой эле декларациянын казагын чыгарып алып толтуруп, почта аркылуу жөнөтсө да болот", — деп белгилейт маалымат кызматы.

МСКнын эскертүүсү боюнча, киреше тууралуу маалыматтарды өз убагында тапшырбагандык үчүн салык төлгөчүлөргө административдик айып салынат. Анын көлөмү жеке адамдар үчүн 2 миң сомду жана юридикалык тараптар үчүн 5 миң сомду түзөт.

Өткөн жылы 2013-жылдагы кирешеси боюнча 347 миң салык төлөөчү өз маалыматын тапшырган. Алардын ичинде 35,8 миң уюм, 79 миң жеке ишкер жана 232 миңден ашуун жеке адамдар бар.

Ошондой эле БСД эки миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, анын ичинде мамлекет башчылары, парламент жана өкмөт мүчөлөрү тапшырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0