Турдубекова: 2014-жылы балдарга карата 900дөн ашык зомбулук жасалган

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАрхив: балдар
Архив: балдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо уюмдарын балдарга карата зомбулуктун күчөшү жана ага карата аткаруу органдарынын мамилеси тынчсыздандырат.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Кыргызстанда 2014-жылы балдарга карата 900дөн ашык зомбулук жасалганын, ал эми 2013-жылы 1 миң 45 учур катталганын "Балдардын укугун коргоо лигасынын" директору Назгүл Турдубекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 11-январда укук коргоо уюмуна шаардагы №3 балдар ооруканасына кордук көрсөтүлгөн жана зордукталышы мүмкүн делген 2 жаштагы бала түшкөнү тууралуу маалымат келген. Аталган факты боюнча баланы багып жүргөн баланын атасынын тууганы кармалган.

"Биринчи күндөн тартып эле балага карата зомбулук жана сексуалдык кордук жасалып жүргөнү анык. Азыр биз сот медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Баланы сыртынан жакшы караган кишиге деле ага карата узак мөөнөт бою кордук көрсөтүлүп келгени билинет. Анын денесиндеги уруп-согуудан калган тактар ага далил", — деди Турдубекова.

Ал билдиргендей, мындай жагдайларга карата мамлекеттик органдардын аракеттери маалында эмес, окуя болгондон кийин ойгонуп жатканы капа кылат.

"Коом буга абдан кескин таасир берди. Азыр бардыгы балага жардам беребиз деп жатат. Бирок, балдарды коргоо боюнча жоопкерчиликтүү органдардын жергиликтүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, абалды буга чейин алып келбеши керек болчу. Баланы кордогон үй-бүлө түнт, эл менен анчейин сүйлөшө бербегенин кошуналары айтууда. Жашы кичинекей балдар дал ушундай үй-бүлөлөрдө кордук көрөрү белгилүү. Мындай үй-бүлөлөр социалдык кызматтардын каттоосунда болуп, көзөмөлүнө алынышы керек", — деди ал.

Турдубекова жабык типтеги мекемелерде жашаган балдар да көп зордук-зомбулукка кабыларын кошумчалады. Мындай мекемелерге, балдар үйлөрү, атайын уюмдар, интернет үлгүсүндөгү диний мектептер, балдардын атайын мектептери жана аскерий жайлары кире турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0