Инчхондук инвесторлор Бишкекте заманбап клиника салууга ниеттенип жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: городская клиническая больница № 4
Архив: городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК депутаты Замирбек Алымбеков Кореядагы алдыңкы делген HANDS клиникасынын башкы дарыгери баштаган инвесторлору менен жолугуп, заманбап клиника курууну талкуулады.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Кореядан келген инвесторлор тобу Бишкекте заманбап клиника салуу боюнча маселени Түштүк Кореялык инвесторлор Бишкекте алдыңкы медициналык жабдуулар орнотулган клиника куруу маселесин өкмөткө сунуштайт.

Бул туурасында ЖК депутаты Замирбек Алымбековдун Кореянын Инчхон шаарынын алдыңкы медициналык клиникалардын бири HANDSтин башкы дарыгери Жун-сиг Ким баштаган инвесторлор менен жолугушуусунда айтылды. 

Жолугушуу учурунда тараптар Бишкекте заманбап үлгүдөгү медициналык клиника куруу жаатында пикир алышты. "Кызматташтык мамилелер жемиштүү болуп калса, кореялык инвесторлор эки жыл ичинде заманбап клиника салып беребиз деп жатышат. Алар социалдык тармакты жетектеген вице-премьер-министр жана Саламаттыкты сактоо министри менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт", — деди Алымбеков.

Декабрдын аягында депутат Феликс Кулов Кыргызстанда эл аралык стандарттагы госпиталь куруу долбоору сунушун кореялык депутаттар менен талкуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0