Биометрикалык маалыматтарды чогултуу Бишкекте аксап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда
Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматын топтоо аймактарда жигердүү болгону менен, Бишкекте жай жүрүүдө.

Сбор биометрических данных - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык маалыматын тапшырбагандар келерки жылы ажыга бара албайт
БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Кыргызстандын 16 жаштан өйдө жарандарынын 51%ынан арбыны биометрикалык маалыматтарын тапшырган. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

2015-жылдын 10-январына карата 1 миллион 959 897 адамдын биометрикалык маалыматтары чогулду. Региондордо бул кампания аяктап бара жатканы менен борбор калаада жай жүрүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтымында, биометрикалык маалыматтарды чогултуу Бишкекте маселе жаратып жатат.

"Андыктан, бул апта ичинде биометрикалык маалыматтарды ала турган техникалык жабдууларды Бишкек шаарында 90дон 110го чейин көбөйтүү зарыл. Ал эми жалпысынан алардын санын 200гө жеткирип, бардык күчтү Бишкекке жумшаш керек, шаарда биометрикалык маалыматтарды топтоо жекече түрдө жүргүзүлүүгө тийиш", — деди Сарпашев.

Анткен менен коомчулукта тапшырылган биометрикалык маалыматтардын бекем сакталышына күмөн саноолор айтылып келет. Ал эми кээ бир жарандар маалыматтарын тапшырууга кызыкдар эмес.Анткен менен президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында биометрикалык маалыматтарын берүүдөн баш тарткан жарандардын укугу тепселенбеш керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0