Кыргызстанда виза эми жаңы шартта берилет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРабота британского визового центра
Работа британского визового центра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Виза берүү жана аны толтуруу жол-жобосунун жаңы редакциясы 2013-2017-жылдарга белгиленген Туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга жардам берет.

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Кыргыз өкмөтү визаларды толтуруунун жаңы жол-жобосун иштеп чыкканын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы жол-жобонун максаты, көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатуу жана консулдук кызмат департаменттериндеги коррупциялык схемалардын алдын алуу болуп саналат.

"Эми биз кардаларды тейлөө убактысын кыскартып, отчеттук маалыматтарды так белгилеп, ага кошумча биз Кыргызстандын аймагына кирип жаткан жарандардын максатын тактай алабыз. Мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюп, жаңы заманбап технологияны киргизебиз", — деди Абдылдаев.

Тышкы иштер министри белгилегендей, киргизилген өзгөртүү документтерди тапшыруунун регламенттик тартибин, виза алуу боюнча берилген арызды кароонун мөөнөтүн, виза алууну каалаган жарандын өлкөгө келүү максатын так билүүгө жардам берет.

Жаңы жол-жобого ылайык, визаны бере турчу мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусунун тартиби жана мөөнөтү регламентке салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0