Мусулмандар мавлид майрамын белгилөөдө

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүАрхив: ислам
Архив: ислам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл мавлид күнү 2-январдан 3-январга караган түнүнө туш келди.

БИШКЕК, 3-янв — Sputnik. Мусулмандар Мухаммед пайгамбардын туулган күнү саналган мавлид күнүн белгилеп жатышат. Кыргызстандын мусулмандар башкармасынын маалымат кызматы Sputnik сайтына билдиргендей, быйыл мавлид күнү 2-январдан 3-январга караган түнү белгиленген.

"Хижра жыл санагы боюнча мавлид күнүн белгилөө – жыл сайын он күн алдыга жылат. Бул түнү Мухаммед С.А.В. пайгамбарга салаваттар айтылып, ибадаттар кылынат", — деп маалымат кызматы билдирди.

Бул майрам мусулмандар көп жашаган мамлекеттерде да белгиленип келет. Россиянын Москва шаарындагы башкы мечиттин муфтийи Альбир Крганов РИА Новости сайтына билдиргендей, бул майрам Мухаммед пайгамбар көзү тирүү кезинде (VI-VII к.) майрамдалбаганын, бирок аны кийинчерээк түрк туугандар белгилеп баштаганын айткан.

"Бүгүнкү күнү бул майрам ислам динин тутунган бир канча мамлекетте белгиленип келет. Көпчүлүгү суннит мусулмандары жашаган аймактарда мамлекеттик деңгээлде же жөн гана майрам катары майрамдалат", — дейт ал.

Бул майрамды майрамдоо шариатка жана Куранга каршы келбей турганын, исламдын шарттарына айкалыша турганын ал кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0