Кыргызстанда Аи-95 жана Аи-98 үлгүсүндөгү бензин эки сомго арзандады

Жазылуу
Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, 27-декабрдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында Аи-95 жана Аи-98 үлгүсүндөгү бензин эки сомго арзандады.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Аи-95 жана Аи-98 үлгүсүндөгү бензин эки сомго арзандаганын Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Диль: Токмоктогу мунай заводу убагында ишке кириши керек
Күйүүчү майдын арзандашы ушуну менен бешинчи жолу болуп жатат. Ноябрь айынан бери бензиндин баасы үлгүсүнө жараша 5,4 сомдон 3,5 сомго чейин арзандаган. Дизелдик май дээрлик 4 сомго арзандаган.

Ошентип, 27-декабрга алынган маалымат боюнча Аи-80 үлгүсүндөгү бензин 1 сомго, Аи-92 үлгүсүндөгү бензин элүү тыйынга арзандаса, Аи-95 жана Аи-98 үлгүсүндөгү бензин эки сомго арзандаган. Дизелдик май болсо, 0,5 сомго арзандаган.

Күйүүчү жана майлоочу майдын арзандашын нефтетрейдерлер ассоциациясы нефтепродукциялардын дүң баасынын россиянын рыногунда арзан болуп жатышы жана сезондук суроо-талаптын төмөндөшү менен түшүндүрүүдө.

"Нефтини кайта иштетүүчү бир нече заводдогу оңдоо иштери аяктап, алардын рынокко болгон сунушу да көп болууда. Ошондой эле, күйүүчү майга болгон сезондук суроо-талаптын төмөндөшү арзандоого себеп болууда", — деп ассоциация билдирүүдө.

Бишкек шаары боюнча Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 38 сом, Аи-92 – 46,4 сом, Аи-95 – 49 сом, Аи-98 – 51 сом жана дизелдик май – 39,5 сом турат.

Ош шаарында Аи-80 үлгүсүндөгү майдын орточо баасы 40 сом, Аи-92 – 48,9 сом, Аи-95 – 52 сом жана дизелдик май – 42 сом болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0