Президент: Рахмондун "достору" чек арадагы жаңжалдарга кызыктар

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоговая пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева
Итоговая пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргыз-тажик чек арасындагы инциденттерге комментарий берип жатып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун "достору" чек арадагы жаңжалдарга кызыкдар экенин билдирди.

БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун "достору" чек арадагы жаңжалдарга кызыкдар, деп Алмазбек Атамбаев билдирди.

"Эки жылдан бери жаңжал чыгып келет, бирок, Душанбе шаарында Эмомали Рахмон менен сентябрь айында жолуккандан кийин маселелер чечилди. Жаңжалдар 2014-жылдын биринчи жарымында болгон. Тажикстандын президенти жаңжалдардын болушуна кызыктар эмес, бирок анын жаңжалдардын чыгышына кызыктар болгон тырмакчанын ичиндеги достору бар. Учурда чек арадагы абалда жыл башына салыштырмалуу "асман менен жердей" айырма бар", — деди президент.

Мамлекет башчы андан сырткары Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында бөлүнүп жаткан 200 миллион доллардын 55 миллиону чек араларды чыңдоого жумшала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0