Милиция жаңы жылдык майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСотрудник правоохранительных органов
Сотрудник правоохранительных органов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ жаңы жылдык майрам күндөрү коомдук тартипти сактоого өлкөнүн шаардык жана аймактык милиция бөлүмдөрүнүн, участкалык милиция бөлүктөрүнүн жана атайын полктун кызматкерлерин тартат.

БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. Милиция жаңы жылдык майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт деп билдирет Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы.

Өкмөт Жаңы жылдын эс алуу күндөрүн тактады
Ошентип, 2014-жылдын 30-декабрынан 2015-жылдын 1-январына чейин республиканын ички иштер органдарынын жеке курамы жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирилет. Өзгөчө маанидеги стратегиялык жана күзөт алдындагы объектилерди, жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу жайларды коргоо күчөтүлөт.

Пиротехникалык буюмдарды сатуучу жайлар, аларды сатуу жана сатып алуу аракеттеринин мыйзамдуулугу текшерилет. Милиция аталган буюмдарды пайдаланууда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жалпы билим берүүчү мекемелерде жана жашаган жерлери боюнча өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

"Ички иштер органдарынын бардык аймактык бөлүктөрүндө иш-чаралардын кенен пландары иштелип чыгып, жаңы жылга даярдыктын жүрүшүндө жана майрам учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга катыша турган милициянын күчтөрү менен каражаттарынын эсеби алынды", — деп билдиришти ведомстводо.

Ошондой эле ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүндө күчөтүлгөн тергөө-оперативдик топтор түзүлөт. Ийне жалбырактуу дарактарды кыюуларга жол бербөө максатында атайын топтор түзүлүп, жергиликтүү мамлекеттик администрация өкүлдөрү менен биргеликте балатылар өсүүчү жерлерде түнкү күзөттөр уюшулат. 

"Алтын балаты-2015" президенттик балаты майрамын жана студенттик балды уюштуруп өткөрүү мезгилинде Башкы ички иштер башкармалыгы Бишкекте иш-чарага катышуучулар жашоочу жана алар убактылуу болуучу жайларда милиция кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтүн уюштурат. Аны менен катар жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкерлери жаңы жылдык майрамдарга баруучу балдар менен өспүрүмдөрдү коштоп жүрүшөт жана ал эми иш-чара болуучу жайга жакын жерлерде жол-күзөт кызматынын посттору коюлат. 

Кондитерская фабрика Таттуу - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылдык таттууларды чыгаруу
Жаңы жылга даярдануу жана майрамдоо күндөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн ИИМ көп сандагы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, штаттан тышкаркы жардамчыларды, ошондой эле ыктыярдуу элдик кошундарды ишке тартмакчы. 

Милиция бардык педагогикалык жамааттардын жетекчилигине жана ата-энелерге майрамдык иш-чаралар өтүүчү жерлерге барууда жана пиротехникалык буюмдарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча балдар арасында тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0