112 бирдиктүү номери иштеп баштагандан бери 1 миң 920 чалуу болгон

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүАрхив: ӨКМ кызматкери
Архив: ӨКМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ берген маалыматка ылайык, жарандар бул номерге максатсыз эле чалышат. Башкача айтканда, кызыгып гана кайрылышкан.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. 122 Бирдиктүү маалыматтык-башкаруучу системасы ачылгандан бери, 1 миң 920 жаран кайрылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Архив: сотрудники МЧС - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда БМБСтын 112 кызматы ачылды
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 1 миң 177 чалуу болгон, анын ичинен болгону 66 чалууну 101, 102, 103 жана мэрияга жиберишкен. Ал эми Ош облусу боюнча 743 чалуу келип түшүп, анын 218ине жардам берилген. 

Министрликтин адистеринин айтымында, жарандардын көбү кандайдыр бир маселе менен эмес, жөн гана кызыгып чалышкан. 

Бирдиктүү маалыматтык-башкаруучу системасы 2014-жылдын 15-декабрында ачылган. 112 бирдиктүү номери калкка өзгөчө кырдаалдар учурунда натыйжалуу жардам берүү максатында уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0