Өлкөнүн башкы балатысын кооздоого жарым миллиондой сом кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: өлкөнүн башкы балатасы
Архив: өлкөнүн башкы балатасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балатыны кооздоого Бишкек мэриясы жарым миллион сомго жакын каражат жумшаган.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Борбордук аянттагы балатыны кооздоого 427 миң сом сарпталганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балатыны коюуга 163 миң сом коросо, ага илинген түрдүү оюнчуктар менен жарыктандарууга 264 миң сом сарпталган.

Андан сырткары Ала-Тоо аянтын жана анын айланасындагы бак-дарактарга кооздоого 2,5 миллион сом жумшалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0