Атамбаев: "электр энергетикасын экспорттогон өлкөгө айланышыбыз керек"

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАрхив: монтаж опор воздушной линии электропередачи
Архив: монтаж опор воздушной линии электропередачи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Энергетика күнү менен куттуктоосунда КР электр кубатын импорттогон эмес, тескерисинче, аны экспорттогон өлкөгө айланышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 22-дек—Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Энергетика күнү жана электр энергетика тармагынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы менен куттуктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Президент куттуктоосунда Кыргызстандын энергетика системасынын негизин түптөгөн тармактын ардагерлеринин салымын өзгөчө белгилеген. 

Мамлекет башчысы союз кулагандан кийин энергетика тармагы кароосуз калгандыгын айткан.

"Советтер Союзу кулагандан кийин энергетиканы карабай койгонубузду моюнга алууга тийишпиз. Жылдан-жылга керектөө көбөйүп жатса да, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизген жокпуз", — деген президент куттуктоосунда.

Кыргызстанда бул тармакта башталган улуттук ири долбоорлор республиканын энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берерин айтты.

"Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадын кура баштадык. «Датка» жана «Кемин» подстанцияларын куруп бүттүк. «Датка-Кемин» жогорку вольттуу электр берүү линиясын тартуу аягына чыгып калды. Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу үчүн каражаттарды издеп жатабыз. Кара-Кече жылуулук электр станциясынын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча иш жүрүүдө. Өлкөнүн түштүк облустарын өздүк газ менен камсыз кылуу боюнча чечим кабыл алынды", — деп белгилеген мамлекет башчысы. 

Быйыл Кыргызстан энергетика жаатындагы каатчылыктан улам, Казакстандан электр кубатын импорттоп жатат. Түркмөнстандан сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Президент бул куттуктоосунда электр энергиясын экспорттогон өлкөгө айланыш керектигибизди айткан.

"Кыргызстан — энергия ресурстарына бай өлкө. Биз отун-энергетика баланстарын диверсификация кылууга тийишпиз. Жакынкы жылдары биз электр энергиясын импорттобой, тескерисинче аны экспорттогон өлкөгө айланышыбыз керек", — деген президент Атамбаев. 

Ал куттуктоосунда кыргыз энергетикасы өлкөнүн бүткүл экономикасын алдыга тарткан локомотивге айланаарына терең ишенээрин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0