05:58 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Флаги Германии, России и ЕС

Немистердин 40%ы Россияга каршы санкциялардын жоюлушун колдойт

© Sputnik / Сергей Гунеев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
17 0 0

Ошону менен катар ICM Research агентсттигинин Sputnik тапшырыгы менен жасаган сурамжылоолоруна ылайык, Россияга карата санкциялардын күчөтүлүшүн европалыктардын 19%ы гана колдойт.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Германиянын жашоочуларынын үчтөн биринен көбү (40%) жана француздардын дээрлик үчтөн бири (31%) Россияга каршы киргизилген санкциялардын жоюлушун колдойт. Улуу Британияда болсо респондентердин 17%ы ушундай көз карашта экенин ICM Research агентсттигинин Sputnik тапшырыгы менен жасаган сурамжылоолору көрсөттү.

Изилдөө ICM Research тарабынан 5-17-декабрда Францияда, Британияда жана Германияда жүргүзүлгөн. Бардыгы болуп сурамжылоого 3013 адам (Улуу Британияда 1001, Германияда 1001, Францияда 1011) катышкан.

Жалпысынан аталган үч өлкөнүн 29% тургуну Россияга каршы санкцияларды алып салуу керек деп эсептейт. Ал эми мындай санкциялардын күчөтүлүшүн 14% немистер, 20% француздар жана 21% британиялыктар, жалпысынан европалыктардын 19%ы колдойт.

Санкциялар өзгөртүүсүз мурдагы абалында калышын жалпысынан алганда суралгандардын 40%: британиялыктардын 45%, немистердин 38% жана француздардын 36% жакташты.

Ошону менен бирге немистердин 8%, француздардын 13% жана британтялыктардын 17% Россияга каршы санкцияларды алып салыш керекпи, азыркы абалында калтырып же күчөтүш керекпи деген суроого так жооп бере алышкан эмес. Алардын жалпы саны 12%ды түздү.

ICM Researchтин сурамжылоолоруна ылайык, британиялыктар менен француздардын жарымынан көбү ЕБнын Украинаны каржылоосуна каршы, европалыктардын төрттөн биринен азы ЕБ санкциялар жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алды деп эсептейт. Европалыктардын үчтөн бири РФке каршы санкциялар Украинадагы каатчылыкты чечпейт деп эсептейт. Британиялыктардын, француздардын жана немистердин дээрлик жарымы ЕБнын көбүрөөк көз карандысыздыгын каалайт.

Россия менен Батыштын мамилелери Украинадагы кырдаалга байланыштуу начарлап кеткен. Июлдун аягында ЕБ менен АКШ айрым адамдар менен компанияларга каршы даректүү санкциялардан Россия экономикасынын бүтүндөй тармактарына каршы санкцияарга өткөн. Россия буга жооп кылып өзүнө каршы санкция киргизген өлкөлөрдөн: АКШдан, ЕБ өлкөлөрүнөн, Канададан, Австралиядан жана Норвегиядан азык-түлүк товарларынын импорттолушун чектеген. 

АКШ менен ЕБ Россиянын саясатчылары менен ишкерлерине каршы санкцияларды кантип киргизишти

АКШ менен ЕБ КРымдын Россияга кошулушун тааныган жок жана Москвага Украинанын ишине кийлигишкендик айыбын коюуда. Россия муну моюнга албайт жана мындай айыптоолорду орунсуз деп эсептейт. Батыш өлкөлөрү март айнан тартып Россиянын бир катар саясатчыларына, ишкерлерине жана компанияларына каршы бир нече ирет санкцияларды киргизип, чек коюу чараларын дагы кеңейтебиз деп коркутушкан. Акыркы жолу санкциялар сентябрь айында киргизилген. 

Россия Батыштын санкцияларына кандайча жооп берди

Россиянын президенти Владимир Путин 6-августта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн айрым атайын экономикалык чараларды көрүү жөнүндө жарлыкка кол коюп, ага ылайык Москвага каршы санкцияларды киргизген бир катар өлкөлөрдөн азык-түлүктү импорттоого бир жылга чек коюлган. Тийиштүү тизмеге уйдун, канаттуулардын, чочконун эти, жемиштер, быштак жана сүт азыктары, жаңгактар ж.б. азык-түлүктөр кирген.

Тема боюнча

РФке каршы санкциялар Украинадагы каатчылыкты чечпейт деп эсептейт европалыктардын үчтөн бири
Британия, Франция, немис жарандарынын дээрлик жарымы ЕБнын көбүрөөк көз каранды болушун каалайт
Британиялыктар менен француздардын жарымынан көбү ЕБдин Украинаны каржылоосуна каршы
Европалыктардын төрттөн биринен азы ЕБ санкциялар жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алды деп эсептейт
Белгилер:
ICM Research, Улуу Британия, Франция, Германия, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ