Афган кыргыздарына үзгүлтүксүз жардам берүү маселеси талкууланат

© Фото / пресс-служба минсоцразвитияПамирские кыргызы
Памирские кыргызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эл аралык уюмдар менен Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Афганистандагы кыргыздарга үзгүлтүксүз жардам берүү маселесин талкуулайт.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бүгүн бир нече эл аралык уюмдар менен биргелешип Афганистандагы этникалык кыргыздарга үзгүлтүксүз гуманитардык жардам берип туруу маселесин талкуулайт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Архив: Памирлик кыргыз кызы - Sputnik Кыргызстан
Памирдеги кыргыздар балдарын Кыргызстандан окутууга кызыктар
Жыйынга экс-министр Алиясбек Алымкулов,Эл аралык Миграция уюму, Кызыл Жарым ай улуттук коому, БУУнун бир нече түзүмдүк уюмдары катышат.

Сөз Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Чоң Памир аймагында жашаган кандаштар туурасында жүрүүдө.

Мындан бир нече күн мурда ЖКнын депутаттары, аталган министрликтин өкүлдөрү Афганистандагы Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздарга 3 миллион сомдун тегерегинде гуманитардык жардам жеткирип, ал жердегилерин абалын билип кайтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0