Казакстандын Башкы прокуратурасы ИМ тасмасындагы балдардын ким экенин аныктады

© Фото / BBC World ServiceАрхив: Казакстандын Башкы прокуратурасы
Архив: Казакстандын Башкы прокуратурасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрдын аягында "Ислам мамлекети" тобунун согушчандары жайгашкан лагерде тартылып алынган видео тасма пайда болгон. Тасмада кичине балдарды куралды колдонууга үйрөтүп, согуш аракеттерине катышууга даярдап жатканы көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Казакстандын Башкы прокуратурасы террористтердин видео тасмасында балдардын ким экенин аныктады деп билдирет РИА Новости башкы прокурордун орун басары Андрей Кравченкого таянуу менен.

Ноябрдын аягында "Ислам мамлекети" тобунун согушчандары жайгашкан лагерде тартылып алынган видео тасма пайда болгон. Тасмада кичине балдарды куралды колдонууга үйрөтүп, согуш аракеттерине катышууга даярдап жатканы көрсөтүлөт. Божомолдоолор боюнча алар Казакстандан келген балдар. Башкы прокуратура тасманы көрүүгө бөгөт койгон, себеби анын мазмуну террористтик аракеттерди жайылтууга жана актоого багытталган. 

"Тасма жөнүндө айта турган болсок, анда кимдер тартылганы тууралуу бизде маалымат жетиштүү. Атайын кызматтар жана укук коргоо органдары ал сыяктуу бардык материалдардын үстүндө олуттуу жана өтө кылдат иштешет. Албетте биз бул сыяктуу материалдар бардык жерде жайылып кетпеши үчүн интернет тармагында бөгөт коюуга чараларды көрөбүз. Бул биз үчүн өтө маанилүү", — деген Кравченконун сөзүн "Новости-Казахстан" агенттиги Экстремизмге жана терроризмге каршы эл аралык илимий-практикалык конференцияда келтирген. 

Өз тарабына көбүрөөк адамдарды тартыш үчүн мындай материалдардын баарын тең жогорку квалификациялуу адистер даярдайт деп кошумчалады ал.

"Чынында бул кылмыштуу уюмдарга, УКТга жаңы адамдарды тартуу үчүн жасалат. Мында кандайдыр бир бийик максаттар бар деп өзүн өзү алдоонун кереги жок, бул кадимки эле кылмыштуу аракет", — деди Кравченко.

Андан тышкары, башкы прокурордун орун басары согуш аймактарында жүргөн Казакстандын бардык жарандарын өз мекенине кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Эң биринчи кезекте бул жаш балдарга тиешелүү. 

"Мен азыр алардын аты-жөнүн атай албайм. Бирок бул балдар ким экенин биз жакшы билебиз жана алар кылмыштуу аракеттерге катыштырылбоосу үчүн иштерди улантабыз. Ал жакка балдар түрдүү жолдор менен туш болгон, негизинен алар ошол тарапка көчүп кеткен үй-бүлөлөрдүн балдары", — деп жыйынтыктады сөзүн Кравченко.

"Ислам мамлекети" (ИМ) террористтик уюму үстүдөгү Сирия менен Ирактын өзү басып алган жерлеринде жылдын жайында "халифат" орнотулду деп жарыялаган. ИМ Сириянын аймагында мамлекеттик күчтөргө каршы аракеттердин жүрүшүндө абдан чоң күч топтоп, эң ырайымсыз деген атка конгон. Согушчандардын аракеттеринин натыйжасында бир нече миң карапайым тургун каза таап, жүз миңдеген адамдар качкынга айланып, дагы бир нече миңи барымтада жатат. 

Айрым маалыматтар боюнча согушчандардын катарында 300 чакты казакстандыктар күрөшүп жатат, алардын жарымына жакыны – аялдар.

"Ислам мамлекети" жөнүндө маалыматты толугу менен Sputnik даярдаган инфографикадан көрсө болот >>

"Исламское государство" (кырг)
Исламское государство (кырг) - Sputnik Кыргызстан
"Исламское государство" (кырг)
Жаңылыктар түрмөгү
0