Өлкөнүн башкы балатысы жума күнү кечинде күйөт

Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясы шаар боюнча 4 балаты орнотту. Алар Ала-Тоо аянтында, опера жана балет театрынын маңдайына, филармониянын жанына жана эски аянтка коюлган.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Жума, 19-декабрда кечинде Жаңы жылдын символу болуп калган Аяз ата менен Аяз кыз Ала-Тоо аянтындагы балатыны күйгүзө турганын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Бир караганда анчейин кооз көрүнбөй, күндүзү шаар тургундарын кабатыр кылган балатыны түндө көркүнө чыгат деп ишендиришүүдө. Быйыл шаардык штаб балатыларды жылдагыдай эмес, башкача кооздону чечти. Аны кадимки оюнчуктар менен кооздоонун ордуна гирлянддар менен кооздоп, түндө өзгөчө көрк берет", — деп айтылат мэрия тараткан билдирүүдө.

Борбордук аянтка орнотулган балатынын жалпы бийиктиги 22 метр. Аны кооздоо "Бишкексвет" муниципалдык ишканасына тапшырылган.

Балатыны үй шартында сактоо жолдорун Sputnik даярдаган инфографикадан көрсөңүздөр болот >>

Способы сохранения ёлки в домашних условиях (кырг)
Способы сохранения ёлки в домашних условиях (кырг) - Sputnik Кыргызстан
Способы сохранения ёлки в домашних условиях (кырг)
Жаңылыктар түрмөгү
0