Өлкөдө диний агартуу иштери колго алына баштады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПразднование Ураза-байрама в регионах России
Празднование Ураза-байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аларга атайын курстан өткөндүгү боюнча сертификаттар тапшырылды.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Өлкөнүн булуң-бурчтарынан келген даватчылар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган "Даватчылардын билим деңгээлин жогорулатуу" курсунан өтүп, дүйшөмбү күнү атайын сертификаттарга ээ болушту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Тесме кармаган кол - Sputnik Кыргызстан
Диний кызматкерлер аттестациядан өтүүдө
Маалыматка ылайык, даватчылар бир ай бою дават кылуунун жол-жобосун үйрөнүшкөн. 

Сертификаттарды тапшырган муфтийдин орун басары Замир Ракиев даватчылардын билимин жогорулатуу боюнча муфтият тарабынан иштер жасалып жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, ноябрь айында болгон коргоо кеңешинин жыйынында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү диний фанатизмди айыптап, ага карата зарыл чара көрүү керектигин билдирген эле.

Окуудан өткөн даватчылар алган билимдерин аймактардагы санаалаштарына үйрөтүп, диний баалуулуктар жайылтылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0