Бишкекте борбор шаардын Башкы планын ачыкташты

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: борбор шаардын Башкы планын
Архив: борбор шаардын Башкы планын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын сайтынан жашоочулар борбор калаанын Башкы планын көрө алат.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Бишкектин башкы планын эми шаардыктар борбор калаанын расмий сайтынан көрө алышат.

2014-жылдын 7-июлунда президент Алмазбек Атамбаев " Кыргыз Республикасынын Шаарлардын курулушу жана архитектурасы жөнүндө мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү" туурасындагы документке кол койгон. 

Эми калктуу пункттардын бекитилген башкы планы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайттарында жайгаштырылып жана кызматтык имараттардын элге көрүнөө жерлеринде илинмекчи. 

Бишкектиктер калктуу пункттардын бекитилген башкы планын Бишкек шаарынын расмий сайтынан тааныша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0