Японияда суутектүү Toyota Mirai сериялуу седан сатыкка чыкты

© Фото / Olli SiebeltToyota Mirai
Toyota Mirai - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япончо "келечек" дегенди түшүндүргөн төрт орундуу седандын болжолдуу баасы 6,7 миллион йенди (56,5 миңге жакын доллар) түзөт.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Япониянын алдыңкы авто-унаа чыгаруучу компаниясы саналган Toyota Motor ар түрдүүчө күйүүчү элементтер менен иштечү суутек гибрид сериялык авто-унаасын сатууну баштаганын билдирет РИА Новости.

Япончо "келечек" дегенди түшүндүргөн төрт орундуу Mirai седандын болжолдуу баасы 6,7 миллион йенди (56,5 миңге жакын долларды) түзөт.

2013-жылы тааныштырылган концепт-кара FCV Concept негизинде иштелип чыккан авто-унаа болгону беш гана мүнөт суутек толтурулгандан кийин 600 чакырымча аралыкты өтө алат. Седандын электр кыймылдаткычынын күчү 154 аттын күчүнө тете жана 335 ньютон-метрге чейин тегеренет. 

Toyota Miraiнин суутек куюла турган, жалпы көлөмү 122,4 литрлик эки багы бар. Алардын бири арткы отургучтардын астында, экинчиси арткы отургучтардын аркасында жайгаштырылат. Багаж бөлүгүндө күч аккумулятору орнотулган, ал эми авто-унаанын борбордук бөлүгүнүн астында жылыткыч элементтери бар. Алар химиялык реакция жолу менен электр кубатын иштеп чыгат. Электр кыймылдаткычы менен кубатты жөнгө салгычы капоттун астында жайгашкан. 

Узундугу дээрлик 4,9 метр келген седандын дөңгөлөктөрү жалпысынан 2 миң 780 миллиметр. Авто-унаанын айлануу радиусу 5,7 метрди түзөт. Чоң көлөмдөгү абанын келиши үчүн алдыңкы бампердин олуттуу көлөмдөгү аба соргучу бар. Бул электр кубатын химиялык реакция жолу менен иштеп чыгуу үчүн зарыл. 

Toyota Mirai авто-унаасын эл аралык рынокко чыгаруу 2015-жылдын IV кварталына пландалган. Андыктан биринчи седандар АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрүнө сатыкка чыгууга тийиш. Абага зыяндуу заттарды чыгарбай турган бул авто-унаанын баасы америкалык рынокто 57,5 миң долларды түзөт. 

Toyota Motor өкүлдөрүнүн айтымында, автоконцерн Mirai суутектүү седанды чыгарууга 160 миллион доллар инвестициялоону пландап жатат. Келерки жылы эле компания мындай авто-унаалардын 700үн сатууга ниеттенүүдө. Ошону менен бирге Toyota Miraiни ар бир сатып алуучуга Японияда федералдык жана жергиликтүү бийликтен 17 миң доллар, АКШда 13 миң доллар көлөмүндөгү субсидия берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0