02:13 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Мэр столицы Кубанычбек Кулматов принял делегацию из Санкт-Петербурга

Кулматов: Бишкек инвестиция үчүн ар дайым ачык

© Фото / пресс-служба мэрии Бишкека
Коом
Кыскача шилтеме алуу
24 0 0

Мэрияда Бишкек менен Петербург шаарларынын байланыштарын арттыруу талкууланып, Кулматов делегацияны борбор калаанын курулуш рыногуна инвестиция салууга чакырды.

БИШКЕК, 13 дек — Sputnik. Шаар мэри Кубанчыбек Кулматовдун Санкт-Петербургдун делегациясы менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу талкууланды. 

Делегацияны Санкт-Петербург калаасынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьев жетектеп келди. 

Талкууда эки шаардын мындан аркы өз ара кызматташуусу боюнча сөз жүрдү. Бишкектеги мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, андан сырткары 2015-2017-жылдарга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданият жаатындагы алакаларды чыңдоо боюнча кабыл алынган атайын программа талкууланды. 

Григорьев Санкт-Петербург шаарында бизнес-форум жана Бишкектин күндөрүн өткөрүүнү сунуштады. Ал Россиянын маданий очогунун жашоочуларына Кыргызстандын борбору туурасында кенен маалымат алууга жакшы мүмүкүнчүлүк болоорун кошумчалады. 

"Бишкек калаасы Санкт-Петербург шаарынын негизги өнөктөшү болуп саналат", — деп белгиледи комитеттин төрагасы.

Кубанычбек Кулматов делегация мүчөлөрүнө борбордо жүрүп жаткан курулуштар туурасында маалымат берип, бул тармакка инвестиция салууга чакырды.

"Бишкектин курулуш рыногуна инвестиция салып, пайда көрүүгө болот. Шаар инвестициялар үчүн ар дайым ачык", — деди мэр Кулматов.

Бишкек менен Санкт-Петербург мындан эки жыл мурун бир тууган шаарлар деп таанылган.

Белгилер:
Евгений Григорьев, Кубанчыбек Кулматов, Бишкек, Санкт-Петербург

ЭҢ МААНИЛҮҮ