18:42 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Поздравить врачей с юбилеем больницы приехали вице-мэр и глава Бишкекского городского кенеша Мурат Аманкулов.

Бишкектин №3 балдар ооруканасы жарым кылымдык юбилейин белгиледи

© Фото / пресс-служба мэрии г. Бишкека
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2510

Оорукананын дарыгерлерин жарым кылымдык мааракеси менен куттуктаганы Бишкектин вице-мэри жана шаардык кеңештин төрагасы Мурат Аманкулов келди.

БИШКЕК, 13-дек — Sputnik. Бишкекте №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан 50 жылдыгы белгиленди деп билдирет борбордук муниципалитеттин маалымат кызматы.

Мааракеге арналган салтанатта Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова, оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, аталган кеңештин депутаттары жана оорукананын жамааты катышты.

Дарылоо мекемесинин башчысы Талантбек Өмүрбеков сөз сүйлөп, ымыркайлардын өмүрүн сактап калууда балдар дарыгерлеринин иши маанилүү экендигин белгиледи.

"Биздин оорукананын тарыхы бүтүндөй атамекендик балдар хирургиясы менен байланышкан. Биздин дарыгерлер өлкөдө педиатриянын жана балдар хирургиясынын түптөлүү башатында турушкан", — деп баса белгиледи Өмүрбеков.

Өз кезегинде шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова мекеменин жалпы жамаатын куттуктап, Бишкектин муниципалитетинин атынан башкы дарыгерге "Бишкек шаарына көрсөткөн эмгеги үчүн" жогорку даражадагы орденин жана оорукананын алдыңкы кызматкерлерине ардак грамоталарын тапшырды.

Ал өз сөзүндө балдар дарыгерлеринин жетишсиздигине карабай, оорукананын жамааты мүмкүн болушунча кичинекей пациенттерди көбүрөөк дарылоого болгон күч-аракеттерин жумшап жатышкандыгын белгиледи. 

"Менимче, бул жакшы жерде жакшы күн болуп жатат. Бул жерге үмүт менен келишип,жүрөктөрү жылып кетишет. Себеби дарыгерлердин мээрими жана кесипкөйлүгү ошол үмүт акталышы үчүн бардык нерселерди жасап жатат. Менин дагы айтайын дегеним, оорукананын башкы дарыгери шаардын саламаттык сактоо системасын, ар бир дарыгерди, ар бир ымыркайды коргоп турат", — Рыскулова.

Белгилер:
Марат Аманкулов, Айгүл Рыскулова, Талантбек Өмүрбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ