07:50 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Порыв теплосети в Бишкеке

"Бишкек жылуулук тармагы" жарылган суу түтүгүн оңдоп, үйлөргө жылуулук берди

© Фото / Бекжан Апаитов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
10 0 0

Бейшемби күнү Аламүдүн базарынын тушундагы Алмата жолдорун каптаган суу тазаланып, жарылган суу түтүгү оңдолду.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Бейшемби күнү Курманжан Датка көчөсүндө, Аламүдүн базарынын аймагында жарылган суу түтүгү оңдолду. Бул туурасында "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Авариялык абалдан улам үзгүлтүккө учураган жылуулук берүү кечээ кечинде, түнкү саат 11лерде кайрадан калыбына келтирилди. Андан сырткары, Курманжан Датка – Фрунзе көчөлөрүнүн аймагындагы бир нече үйлөр ысык суу менен камсыздалды. 

"Бардык үйлөр жылытылып, ысык суу менен толук камсыз болду", — деп билдирди аталган ведомствонун басмасөз кызматынан. 

Бейшемби күнү Бишкек шаарындагы Курманжан Датка-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жылытуу түтүгү жарылып, аталган аймактагы дүкөндөр менен башка бир катар жайларды суу каптап кеткен.

(1:02 / 6.58Mb / )
Мээрим Эркебаева
Жарылган жылытуу түтүгүнөн чыккан суу көчөнү толугу менен каптады
Белгилер:
Бишкек жылуулук тармагы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ