10:34 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Регистрация брака

"ЗАГС" маалымат тутуму МККдагы коррупцияны жоюуга жардам берет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Коом
Кыскача шилтеме алуу
28 0 0

МККда республикалык "ЗАГС" автоматташтырылган маалымат тутуму киргизилиши менен документтерди каттоо жол-жоболорундагы коррупциялык тобокелдиктер жоюлмакчы.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) автоматташтырылган "ЗАГС" маалымат тутумун республика боюнча этап-этабы менен киргизүүнү баштады, деп билдирет бейшембиде ведомствонун басма сөз кызматы.

Тутумда республиканын ЖАКА бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жарандык абал актыларынын бардык түрлөрүн каттоо боюнча аткаруучу бардык иштер автоматташтырылган. Мунун аркасында кол эмгеги азыраак талап кылынат жана жарандарды тейлөөгө кетчү убакыт да, жарандык абал актыларын каттоодо кетирилчү каталардын саны да кыйла кыскарат. 

Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Чынара Усупбаева кагаз толтурууга кеткен убакыттын азайышы жарандарды тейлөө сапатын жогорулата тургандыгын белгиледи. 

"Тутумду пайдалануу менен документтерди түзүү жол-жоболоруна натыйжалуу көзөмөл камсыз болот. Бул документтерди каттоодогу коррупцияга жол берүү тобокелдигин жоёт", — деди Усупбаева.

Тутумду талдоочулардан, ММКга караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын техникалык адистеринен турган машыктыруучулардын үч тобу ишке киргизмекчи. Андан сырткары, калкты жана жарандык абал актыларын каттоого алуу департаментинин адистери да бул ишке тартылат. Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын бардык ЖАКА бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жаңы шарттарда иштөөгө даяр болуу үчүн азыртан эле окутулуп жатат. Кызматкерлерди окутуу тездик менен, дем алыш күндөрү да жүргүзүлүүдө.

Биринчи баскычта бүтүндөй өлкө боюнча ЖАКАнын 60 райондук бөлүмү автоматташтырылат.

Аталган автоматташтырылган маалымат тутумун киргизүү 2014-жылдын 1-ноябрында Бишкекте жана Сокулук районунда башталып, азыркы учурда бул аймактардын бөлүмдөрү онлайн тартибинде ийгиликтүү иштеп жатышат.

Тема боюнча

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө социалдык ролик
Кыргызстан коррупция боюнча рейтингде өз абалын 14 упайга жогорулатты
Укук коргоо органдарында жана билим берүүдө коррупциянын деңгээли өтө жогору
Белгилер:
ЗАГС, Инфоком, Чынара Усупбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ