07:53 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Sputnik запустил в Кыргызстане свой мультимедийный хаб

Sputnik Кыргызстанда өзүнүн мультимедиалык хабын ишке киргизди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Коом
Кыскача шилтеме алуу
7520

Sputnik Кыргызстан биринчи тапта Sputnik радиопрограммасын обого чыгарат жана берүүлөр орус, кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Саясат, экономика, социалдык тармак, маданият жана спорт — аталган сайттын материалдарынын жана радиоберүүлөрдүн туруктуу темалары болмокчу.

БИШКЕК, 10-дек – Sputnik. Sputnik 10-декабрда Кыргызстанда өзүнүн мультимедиалык хабын ишке киргизди. Ишке киргизилген Sputnik Кыргызстан биринчи тапта Sputnik радиопрограммасын обого чыгарат жана берүүлөр орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Sputnik Кыргызстан республикадагы бир да маанилүү окуяны көңүлдөн тышкары калтырбайт. Саясат, экономика, социалдык тармак, маданият жана спорт маалыматтык материалдардын жана радиоберүүлөрдүн туруктуу темалары болмокчу.

Sputnik Кыргызстан өзүнүн ишинде маалыматты объективдүүлүк менен берүүнү эң негизги принцип катары колдонот. "Биз Кыргызстанды чоң мүмкүнчүлүктөрү бар жана келечеги кең өлкө катары тааныткыбыз келет", — деп айтты Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Елена Череменина. 

"Жакында Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө. Бул кадам экономикалык жаткан өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Россия — стратегиялык өнөктөш, Sputnik бүгүнкү күндүн турмуш чындыгын айтып берет. Биздин ресурс республикада болуп жаткан окуяны аңдап-түшүнүүнүн негизги куралы болуп калмакчы", — деп эсептейт Череменина. 

Sputnik.kg сайтынын контенти жаңылыктардын заманбап мультимедиалык форматтарын эске алуу менен түзүлөт: инфографика, видео, фоторепортаждар, он-лайн эфирлер, интернет-добуш берүү ж.б. Андан тышкары, эки тилде мобилдик тиркемелерди ишке киргизүү пландаштырылган. Бара-бара радиопрограмманын өздүк берүүлөрүнүн саны өсө бермекчи. Ыкчам жаңылыктардан тышкары Sputnik Кыргызстан өзүнүн окурмандарына аналитикалык материалдарды, эксклюзивдүү интервью, эксперттик баалоолорду сунуштамакчы.

Sputnik мультимедиалык тобу – бул ондогон өлкөлөрдө заманбап мультимедиалык борборлорун камтыган жана чет өлкөлүк аудиторияга багытталган маалымат бренди. Sputnik берген маалыматтын сапаты анын журналисттеринин жогорку кесипкөйлүгү, маалымат контентинин эксклюзивдүүлүгү жана тездиги, дүйнөлүк окуялар боюнча темаларды терең изилдеп ар тараптуу иштеп чыгуу, ошондой эле материалдарга болгон бир тараптуулукка жол берилбестен, объективдүү мамиле кылуу менен аныкталат.

Тема боюнча

"Россия сегодня" ЭМАга бир жыл толду
"Россия сегодня" мультимедиалык Sputnik брендинин бет ачарын жасады
Белгилер:
Sputnik, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ