Екатеринбургдагы жаңы көчөгө Чыңгыз Айтматовдун ысмы ыйгарылат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүГорода России. Екатеринбург
Города России. Екатеринбург - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Свердлов облусундагы "Кыргызстан-Урал" коомунун Екатеринбург шаарындагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысмын берүү сунушу колдоого алынды.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. "Кыргызстан-Урал" коомдук уюму Россиянын Екатерингбург шаарындагы жаңы көчөлөрдүн бирине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысмын берүү сунушу менен Свердлов облусунун губернаторуна жана Екатеринбург шаардык администрациясына кайрылган. Мекендештерибиздин бул сунушу Свердлов облусунун губернатору тарабынан жактырылып, жазуучунун аты шаардагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылмай болду. Бул тууралуу Екатеринбург шаарынан Абдыжапар Нурдинов маалымдады.

Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык Анар Расул оглы Рзаевге ыйгарылды
"Кыргызстан-Урал" коомдук уюмунун жетекчиси Камчыбек Каримов билдиргендей, шаардын көчөлөрүнүн аталышы боюнча комиссия өз жыйынында жаңы көчөлөргө ат ыйгаруу боюнча кошумча тизмеге Чыңгыз Айтматовдун ысмын киргизүү чечимин кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0