12:07 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Акция Отмоем власть от коррупции! в Москве

Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнү менен куттуктады

© Sputnik / Андрей Стенин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
14 0 0

Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен 9-декабрь коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнү катары белгиленип келет.

БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнү менен куттуктады.

Ал өз куттуктоосунда коомдун туруктуулугу жана коопсуздугу үчүн коррупция өтө чоң коркунуч экенин баса белгилеген.

"Кыргызстан коррупцияга каршы күрөштө чечүүчү учурду баштан кечирүүдө. Биз саясый жана системалуу коррупциянын бар экендигин ачык моюнга алып, бул жаман илдетке каршы күрөштө комплекстүү мамиле жасап жатабыз. Коррупциянын түпкү тамырын кыркуу жана укук коргоо, сот органдарынын натыйжалуу иштери мунун түйүндүү бир бөлүгү болуп саналат", — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Атамбаев ошондой эле, учурда мамлекеттик органдарда коррупциянын тобокелчиликтери тыкыр иликтенип жатканы жана алардын ачык-айкын иш алып баруусун камсыздоо, жарандарды паракорчулук аракеттерден сактоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүү жолдору каралып жатканын белгилеген. 

Белгилей кетсек, Transparency International эл аралык бейөкмөт уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2014-жылы Кыргызстан коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 175 орундун ичинен 136-орунду ээлеген. Бул индекс жыл сайын жарыяланып турат жана серепчилер менен ишкерлердин пикирин эске алуу менен чыгарылат.

Андан сырткары, паракорчулук менен күрөшүүдө жарандар дагы кайдыгер болбошу керектигин Атамбаев баса белгилеген.

Тема боюнча

Кыргызстан коррупция боюнча рейтингде өз абалын 14 упайга жогорулатты
Бишкекте сот системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү талкууланууда
Белгилер:
Transparency International, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ