18:41 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
На перемене в подготовительном классе для глухих детей

Бишкекте дүлөйлөр үчүн сурдокотормочулук боюнча тренинг өтүүдө

© Sputnik / Владимир Вяткин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12 0 0

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коому менен биргеликте сурдокотормочулук боюнча тренинг уюштурду.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 5-18-декабрь күндөрү сурдокотормочулугун үйрөтүү боюнча өлкөнүн бардык аймактарынан келген кишилерге тренинг өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Аткаминерлер ушундай жол менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди (дүлөйлөр) маданий жана коомдук иш-чараларга тартууга мүмкүн болот деп эсептешет. 

Иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кишилердин катылып жаткан таланттары көп экенин белгиледи. Алардын кээ бир өнөрлөрү дени сак кишилердикинен да артык экендигин кошумчалады.

"Майып адамдарды колдоо менен биз өзүбүздүн адамгерчилигибизди көрсөтүп жатабыз. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, майып адамдар деле коомдун активдүү мүчөсү болууга кудурети жетет. Ал үчүн болгону эмгектенүү гана керек. Министрлик мүмкүнчүлүккө жараша сиздерди дайым колдоп келет", — деди министр.

Сурдокотормочулугун окутуу боюнча Кыргызстандагы белгилүү адис Любовь Михайлишева өлкөнүн бардык аймактарынан келгендерди окутууда.

Тема боюнча

Бишкек шаарында майып балдарга арналган кайрымдуулук концерти өттү
Белгилер:
миграция жана жаштар министрлиги, Эмгек, Алиясбек Алымкулов, Любовь Михайлишева, Кыргызстан, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ