12:05 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
В Иссык-Кульской области произошло два землетрясения

Депутаттар Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткандардан кабар алышууда

© Фото / Пресс-служба МЧС КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
4 0 0

Ысык-Көлдөгү зилзаланын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн көргөн чараларын парламентарийлер жеринде талкуулап жатышат.

БИШКЕК, 6-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан эл менен жолугуп, томолой жетим 54 балага жардам көрсөттү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жети-Өгүз районун борбору Кызыл-Суу айылында депутаттар туугандарынын колунда турган томолой жетим 54 балага көмүр таратып, райондогу майып балдарга коляскаларды жана башка керектүү жабдууларды тапшырды. Тосор айылында жер титирөөдөн жабыр тарткан үйлөрдү, мектеп имаратын кыдырып чыгып, андан кийин Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылында болушту. 

Бөкөнбаев айылында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу фракциянын көчмө жыйыны өттү.

Көчмө жыйынга Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турдубек Мамбетов, Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Каржы, Саламаттыкты сактоо жана башка министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Тема боюнча

Боронов: ссуда бериле турган 56 үй аныкталды
Боронов президентке жер титирөө келтирген зыян туурасында маалымдады
Ысык-Көлдөгү жер титирөөнүн чыгымдары такталды
Белгилер:
Көмүр, Зилзала, КСДП фракциясы, Жогорку Кеңеш, Кубанычбек Турдубаев, Турдубек Мамбетов, Кубатбек Боронов, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ