07:57 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
В Иссык-Кульской области произошло два землетрясения

Депутат зилзаладан жабыркагандар үчүн ссуданын өлчөмүн көтөрүү зарылдыгын айтты

© Фото / Пресс-служба МЧС КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
18 0 0

ЖКнын бир катар депутаттары зилзаладан жабыркагандарга берилүүчү ссуданын көлөмүн көбөйтүү жана Мамлекеттик каттоо кызматы жабыркагандардын үйлөрүнүн документтерин өзүнүн эсебинен тез арада бүткөрүп берүү зарылдыгын айтышты.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Парламентте депутаттар жер титирөөдөн жабыркагандарга 200 миң сом өлчөмүндө ссуда берүү жөнүндө чечим бир канча жыл мурда кабыл алынгандыктан, анын өлчөмүн азыркы инфляциялык шартка жараша көбөйтүү керектигин сунуштоодо. Бул туурасында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Надира Нарматова зилзаланын кесепеттерин жоюу туурасындагы ӨКМдин маалыматын угуп жатканда айтты. 

Кырсыктын жоюу туурасында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлет Алимбеков маалымат берди. Ал Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда болгон жер титирөөдөн үйлөр жабыр тартканына жараша даражаларга бөлүнгөндүгүн айтты. 

"Атайын комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштер Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилген. Аталган ведомство өкмөт тарабынан каралган 50 миллион сом каражатты бөлүштүрүп берет",— деди Алимбеков. 

Депутат Ажибай Калмаматов жабыркагандар 3-даражага бөлүнө турган 10 миң сомдук жардамды алууда тиешелүү документ топтоо үчүн андан ашыкча каражат кете тургандыгын айтып, нааразы болуп жатышканын маалымдады. Бул туурасында өткөн аптада зилзала болгон аймакты депутаттар кыдырганда жергиликтүү эл нааразы пикирин билдирген.

"Жабыр тарткандардын үйлөрүнүн мамлекеттик актылары жоктугун, аларды жасатууда бюрократиялык иштер көп болорун айтышууда, андыктан, Мамлекеттик каттоо кызматы жабыркагандардын үйлөрүнүн документтерин өздөрүнүн эсебинен тез арада бүткөрүп бериши зарыл", — деди Надира Нарматова.

Мындан сырткары, депутат 200 миң сомдук ссуда берүү чечими бир канча жыл мурда кабыл алынган ченем экенин айтып, анын өлчөмүн азыркы инфляциялык шартка жараша көбөйтүү жагын караштыруу керектигин айтты.

Тема боюнча

Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам
Оторбаев: бул акыркы жардам эмес, дагы чогултулат
Ысык-Көл облусуна гуманитардык жардам жөнөтүлдү
Белгилер:
Ата-Журт фракциясы, Жер титирөө, Давлет Алимбеков, Ажибай Калмаматов, Надира Нарматова

ЭҢ МААНИЛҮҮ