21:36 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Замок

Саламат Садыкованын үйү тонолду

© Sputnik / РИА Новости
Коом
Кыскача шилтеме алуу
33 0 0

Саламат Садыкова үйү тонолгондугун айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын үйү тонолду. Бул тууралуу ырчы өзү Октябрь райондук милицияга арыз менен кайрылганын шаардык милициянын басма сөз кызматы биздин кабарчыга билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, ырчы арызы менен шаршембиде, 3-декабрда кайрылган. Ырчы өз арызында үйүнөн 30 миң доллары уурдалганын жазган.

"Арыз келип түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, үйдөгү эмеректерде калган уурунун бармак издерин алып, коңшуларын сурамжылаган. Учурда Октябрь райондук милициясында бул кылмыш иши каттоого алынып, анын бетин ачуу боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө", — деп билдирди басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Казак Республикасынын Эмгек сиңирген Эл артисти Саламат Садыкова "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин солисти болуп иштейт.

Белгилер:
Уурулук, Тоноо, Милиция, Артист, Саламат Садыкова

ЭҢ МААНИЛҮҮ