07:57 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Работа зернового терминала в грузовом порту Новороссийска

Кыргызстанга жеңилдетилген шартта буудай алып келүү макулдашылды

© Sputnik / Михаил Мордасов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
16 0 0

Кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда тараптар 60 миң тонна буудайды жеңилдетилген шартта алып келүү туурасындагы маселенин үстүндө иштөө жөнүндө макулдашты.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрү ушул жылдын аягына чейин КРге 60 миң тонна буудайды алып келүү туурасында маселени иштеп чыгууга макулдашты, деп билдирет КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы. 

Шейшемби күнү Москвада Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын XVII отуруму болду. Отурум премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен РФтин Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельяниновдун төрагалыгы алдында өттү. 

Отурум учурунда тараптар Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 40 миң тонна буудайды коммерциялык негизде, бирок, жеңилдетилген шартта ташуу маселесин иштеп чыгып, ошондой эле 20 миң тоннага чейинки буудайды гуманитардык жардам катары берүү мүмкүнчүлүгүн карашмакчы. 

Экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов өзүнүн комментарийинде Россиядан алынып келе турган буудай Мамматрезервдин жылдык муктаждыгынын 25 пайызын түзө тургандыгын айтты. 

"Республикада пайдаланылган буудайдын дээрлик 60 пайызы өндүрүлөт, бирок, бул нан азыктарын жасоого керектеле турган "жумшак" делген сорту гана болуп саналат. Ал эми "катуу" делген сортторду биз Казакстандан жана Россиядан алып келебиз. Быйыл суу аз болгонун эске алсак, бул буудайды алып келүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жакшы таасирин тийгизет", — деди Идинов.

Кыргызстан жылына 800 миң тоннага жакын буудай керектейт, ал эми Мамматрезерв фондуна 300 миң тоннага жакын сатылып алынат. 

Андан тышкары, Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда энергетика, мунайзат жана газ өнөр жайы, транспорттук кызматташтык жана миграция маселелери да каралды.

Белгилер:
Буудай, Мамлекеттик материалдык резерв, Кубанычбек Идинов, Андрей Бельянинов, Жоомарт Оторбаев, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ