Свердлов райондук администрациясы майыптарга жардам көрсөттү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАрхив: четвертая ежегодная прогулка "Москва. Доступ есть"
Архив: четвертая ежегодная прогулка Москва. Доступ есть - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөргү чектелген адамдарга Майыптардын эл аралык күнүнө карата материалдык жардам көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (ДМЧА) материалдык жардам көрсөттү деп билдирет шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Жардам № 24 жана № 48-Балдар коомдук уюмдарынын биримдигинин (БКУБ) сүйлөө жөндөмү начар балдарына, Шаардык реабилитациялык борборго, кулагы начар уккан жана кийинчерээк кулагы укпай калган балдар үчүн адистештирилген" 21-мектеп-интернатына, кургак учукка каршы шаардык ооруканага, кулагы укпагандар үчүн адистештирилген мектеп-интернатына жана №30-адистештирилген көмөкчү мектепке көрсөтүлдү. 

Свердлов районунун башчысы Алтынай Өмүрбекова аталган уюмдарга төшөнчү-шейшептерди, музыкалык борбор, майыптар үчүн үч коляска жана телевизор тапшырды. №124 БКУБда райадминистрациянын күчү менен "швед эмереги" орнотулду.

Иш-чара ДМЧАны колдоо боюнча Майыптардын эл аралык күнүнө арналган "Биз биргебиз" айлыгынын алкагында өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0