06:02 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Конкурс красоты среди женщин с ограниченными возможностями

Ниязалиева: бала майып төрөлбөш үчүн эненин ден-соолугуна кам көрөлү

© Sputnik / Александр Уткин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
21 0 0

ЖК депутаты Дамира Ниязалиева ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар төрөлбөшү үчүн мамлекет алдын-алуу иштерине көңүл бөлүү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. ЖК депутаты Динара Ниязалиева ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар төрөлбөшү үчүн алдын-алуу иштери абдан маанилүү экендигин билдирди. Бул туурасында "Парламент" радиосунун түз эфиринде айтты.

Кыргызстанда 156 миңге чукул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болсо, алардын 26 миңге жакыны 18 жашка чейинкилер болуп саналат.

Депутат Ниязалиева майыптык менен төрөлгөн балдар маселесинин чечүү үчүн энелердин ден-соолугуна кам көрүүнүн зарылдыгын белгиледи. 

"Коомубузда мүмкүнчүлүгү чектелген ымыркайлардын төрөлүүсүнүн алдын алуу максатында кош бойлуу энелердин саламаттыгына көңүл буруп, алардын жетиштүү азыктануусуна шарт түзүү кажет", — деди Ниязалиева.

Ал эми бул багыттагы бир катар мыйзамдардын аткарылышына байланыштуу сын пикирин айтты. 

"Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды иш менен камсыздоодо каралган 5%дык ченем боюнча мыйзамды аткаруу жагы да жакшы жыйынтык бербей жатат",— деди парламентарий. 

Бүгүн Кыргызстан дүйнөдөгү бир катар мамалкеттер сыяктуу эле Майыптардын бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилеп жатат.

Белгилер:
Парламент радиосу, Жогорку Кеңеш, Дамира Ниязалиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ